00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тарыхый-маданий мурас объектилерин 49 жылга ижарага берүү сунушталууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги. Архив
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өлкөдө тарыхый-маданий мурас деп эсептелген объектилерди 49 жылга чейин ижарага берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан.
Коомдук талкууга чыгарылган документке ылайык, ижарага археологиялык эстеликтер жана эл аралык маанидеги объектилерден башкасын берүү каралган.
Мыйзам долбоорундагы негизги учурлар:
тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси атайын экспертизанын негизинде министрлер кабинети тарабынан, аймактык маанидегилердики жергиликтүү бийликтин чечими менен бекитилет. Аларды бузуу же өзгөртүү боюнча чечимди дагы ушулар кабыл алат;
мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза (курамына окумуштуулар кирет) айрым эстеликтерге "жараксыз" деген белгини коё алат. Белги кандайдыр бир кырсыктан же башка себептен имарат же объект жараксыз болгондо коюлат;
тарыхый-маданий мурас объектилери ишкерлерге 15 жылга (азыр 5 жыл), мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында болсо 49 жылга чейин ижарага берилиши ыктымал. Ишкерлер аны коргоо жана пайдаланууга милдеттеме алат. Түшкөн каражат эстеликтерди сактоого, коргоого, реставрациялоого жана пайдаланууга багытталат;
тарыхый-маданий мурас объектилери үчүн коргоо зоналары түзүлүп, алардын долбоорлору мамлекеттик орган тарабынан, ал эми эл аралык маанидеги объектилер үчүн министрлер кабинети тарабынан бекитилет;
тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү үчүн маданият, археология, архитектура жана реставрация тармагындагы адистерден турган эксперттик комиссия түзүлөт;
археологиялык иштерге изилдөөлөрдү жүргүзүүгө берилген уруксат кагаз берүү тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Уруксат Кыргызстандын жарандарына, мамлекеттик же муниципалдык илим жана маданият мекемелеринде иштегендерге гана берилет.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чынарбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2024
Радио
Жолдошев: тарыхый-маданий мурастарды инвесторго берүү аны талкалоого жол ачат
Жаңылыктар түрмөгү
0