Жолдошев: тарыхый-маданий мурастарды инвесторго берүү аны талкалоого жол ачат
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чынарбек Жолдошев маданий мурастарга кирген тарыхый имараттарды инвесторлорго берүүнүн кесепетин айтты.
Тарыхый-маданий мурастарга кирген имараттарды инвесторго берүү мыйзам долбоору алардын талкалануусуна жол ачат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жолдошев: тарыхый-маданий мурастарды инвесторго берүү аны талкалоого жол ачат
Анын айтымында, Маданият министрлиги буга чейин аталган мыйзам долбооруна эки жолу каршы корутунду берген.
"Тарыхый-маданий мурастардын тизмесинде 2000ден ашык эстелик катталган. Андан тышкары, 2002-жылы өкмөттүн токтому менен кабыл алынган республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын тизмесинде 583 объект каттоого алынган. Учурда бул объектилерди изилдеп, аныктап, жаңы табылган мурастарды кошкондо жалпы 5000дин тегерегинде болушу мүмкүн. Учурда так санын аныктоо үчүн инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Былтыр 2023-жылдын 22-декабрында министрлер кабинетинин 701-токтому менен "Көөнө тарых сырлары" аталышындагы мамлекеттик программа кабыл алынган. 2023-жылдан 2027-жылга чейин ушул тарыхый-маданий мурастарды изилдөө, сактоо, рестваризациялоо жана алардын ифратүзүмүн жакшыртып, туризм багытында пайдалануу каралган мамлекеттик иш-чаралар бар. Маданий мурастарды сактоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын базасы совет мезгилинен, так айтканда, 1977-жылдагы мыйзамдардан башталат. 1982-жылы республикалык масштабдагы тарыхый-маданий мурастардын тизмеси бекитилген. Ошондон баштап иш системалуу жүргүзүлүп келет. Учурдагы негизги мыйзам 1999-жылы жаңыртылып кабыл алынган. Бул имараттар элди руханий жактан байыткан тарыхый баалуулук болуп эсептелинет. Башкача айтканда, булар миң жылдап сактала турган эстеликтер. Элдин басып өткөн тарыхын, руханий, маданий баалуулугун чагылдырган негизги булак ушул. Ошондуктан аларга кылдат мамиле жасашыбыз керек. Маданий-тарыхый мурастарды, имараттарды, баалуулуктарды сактоо жаатында мыйзамдар эл аралык деңгээлде жазылган. Анда милдеттер, укуктар, туура пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр жакшы берилген. Маданий-тарыхый имараттарды инвесторлорго берүү боюнча айтылып жаткан мыйзам долбооруна буга чейин да Маданият министрлиги эки жолу каршы корутунду берген. Конституцияда да бул имараттар өзгөчө мыйзам менен корголору так жазылып турат. Экономика министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоорун карап көрдүк. Эгер ал ишке ашып кала турган болсо, жалпы маданий мурастарды түз эле сатууга алып чыгат. Алардын массалык түрдө талкалануусуна жол ачат", — деди Жолдошев.
Жетекчи ушул чөйрөдө иштеген эксперттер, адистер да бул долбоорго каршы пикирин билдиргенин кошумчалады.