00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев турак жай комплексинин курулушуна старт берди. Ал чек аранын чечилишине жергиликтүү элдин дагы салымы чоң экенин белгилеп, мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин коопсуздугу биринчи орунда турганын белгилеген.Достуктун тургундары Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак жерлигине көчөт. Ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулары белгиленди. Үйлөр үч бөлмөлүү болуп, бардык шарты түзүлөт. Ал эми курулушту күзгө чейин бүткөрүү пландалууда. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасын тактоо учурунда Достук айылы толугу менен тажик тарапка өтмөй болгон. Президент Садыр Жапаров үйлөрү алмашылган жарандардын баарына мамлекет заманбап үйлөрдү салып берерин айткан.
Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат. Ошондой эле депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда жеке автоунаасын колдонууга укуктуу. Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан аймагында иш сапарлары үчүн кызматтык автоунаа берилчү. Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан. Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле. Бирок кийин Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаалар берилген.
Министрлик үй-бүлөлүк билим берүү боюнча жаңы тартип иштеп чыкты. Жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда Конституцияда мамлекет билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдой турганы жана ар бир жарандын акысыз билим алуусуна кепилдик берилери эске салынган. "2023-жылдын 18-августунда жаңы редакциядагы "Билим берүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирген. Анда министрлер кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын жаңы мыйзамга ылайык келтирүүсү зарыл. Мындан улам минкабдын токтом долбоору даярдалган. Ал үй-бүлөлүк билим берүү формасында башталгыч, негизги жана орто билимди акысыз алууга шарт түзүүнү көздөйт", — деп белгиленген маалыматта. Мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк билим берүү — бул мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мектептен тышкары окутуу формасы.
Европаны согушту токтотуу боюнча идеяны колдоого мажбурлаган АКШнын президенти Дональд Трамп аларды тузакка түшүрдү. Бул туурасында ЦРУнун мурдагы кызматкери Скотт Риттер айтканын РИА Новости жазды. Аналитик Россия учурда кыйналып тургандыктан сунушталган бардык шартка көнөт деген сөздөр туура эместигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0