00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:55
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
54 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
21:56
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Герой и его выбор: что роднит Раскольникова Достоевского и Тимура Гайдара
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 6-февралда кабыл алынган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ал эми унааны пайдалануу тартиби парламенттин ички жобосу менен жөнгө салынат. Ошондой эле депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда жеке автоунаасын колдонууга укуктуу. Мурдагы тартипке ылайык, I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана Кыргызстан аймагында иш сапарлары үчүн кызматтык автоунаа берилчү. Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнө кызматтык унааларды кайтарып берүүнү сунуштаган. Ал унаалар депутаттарга эл менен тыгыз иштешүүгө жана маселелерди аймактарда чечүү үчүн керектигин айткан. Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле. Бирок кийин Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаалар берилген.
2026-жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган минималдуу эмгек стажынын мөөнөтү өзгөрөт. Учурда пенсия курагына жеткендерге беш жылдык эмгек стажы жетиштүү. "2026-жылдын 1-январынан тарта минималдуу эмгек стажы 6 жыл болот. Жылына бир жылдан кошулуп, талап кылынган стаж 2040-жылга 20 жылга чыгат", — деди Соцфонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде. Ал мурун пенсияга чыгуу үчүн аялдарга 20, эркектерге 25 жылдык иш стажы талап кылынып келгенин кошумчалады.
Шаар жана айылдардын көрүнүшүн өзгөрткөнүңөр менен өзүңөр өзгөрүүгө умтулган жоксуңар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун архитектор, долбоорчу жана дизайнерлерге кайрылуусунда айтылган. Анын айтымында, бул кесиптерди аркалагандардын 60 пайызы ар кандай жолдор менен көмүскөдө иштейт."2027-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүдөн бирдиктүү салыктын ставкасы – 1 пайыз, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып – 2 пайыз, жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 пайыздын ордуна 5 пайыз, ошол эле учурда жумуш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 жылга бошотулат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ал салыктан качууга аракет кылуу баладарын, ата-энесин тоногонго барабар экенин айткан.
Суджадагы Украинанын жеңилиши Владимир Зеленскийди жаакка чапкандай болду деп жазылган макала италиялык L'Antidiplomatico басылмасына чыкты.Аналитиктин пикиринде, Суджаны алдырып жибериши — Зеленкийдин саясий жана аскердик багытынын оңбогондой аксашы, анын жана айланасындагыларынын саясий сапарынын соңуна чыгышы. "Кыязы, бул өтө эрте айтылган нерседир, бирок капитуляциянын желаргысы", — деп эсептейт колумнист. Стателло Зеленскийди Украина армиясынын Курскиде жеңилишине жоопкер деп атады. Россиянын аймагына чабуул коюуга каалоосу күч болгону менен фронтту создуктуруп туруп алып, элиталык аскерлерден ажыраганын белгилеген. Эске салсак, Россиянын "Түндүк" аскердик тобу чабуул жасап, Курскиде Меловой, Подол жана Суджа аймактарын бошоткон. Соңку маалыматтарда Украинанын армиясы бир суткада бул жерлерден 340 аскеринен, согуштук бир топ техникасынан ажырагандыгы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0