00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
1-апрелден баштап ишкерлерге эсеп-фактураны кагаз түрүндө тапшырууга мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде суроолорго жооп берген. Ысабековдун айтымында, эсеп-фактураларды электрондук түрдө тапшыруу ишкерлерге ыңгайсыздыктарды жараткандыктан жарым жылга кагаз түрүндө тапшырууга уруксат берилүүдө. Октябрдан тартып электрондук түргө өтөт. Ага сатып алуучунун салыктык идентификациялык номерин жана сатылган товардын баасын жазуу керек.
Россиянын дагы үч шаарында МИКтин өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал буга чейин МИКтин өкүлчүлүгү Москвада ачылганын эске салды. "Россиянын бардык шаарында ачууга мүмкүн эмес, бирок кыргыздар көп жашаган шаарлардагы консулдуктар менен иштеп жатабыз. Жакында Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург шаарлары үчүн МИКтин өкүлчүлүгү бир жерде ачылат", — деди Туманбаев. Ал ошондой эле АКШнын Чикаго шаарында дагы өкүлчүлүк ачуу пландалып жатканын кошумчалады.
Орто-Токой суу сактагычында «Чакан ГЭС» ААКна таандык жаңы ГЭСтин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуп жаткан станциянын орнотулган кубаттуулугу 21 МВт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 75 млн кВт/ч болот. Белгилей кетсек, куруучулар үчүн убактылуу шаарча жана бетон заводу курулуп, бул иштердин ыраатын тездетүүгө шарт түздү. Эске салсак, долбоор Кыргыз өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 30-июлунда бекитилген. 2023-жылдын 24-мартында China National Industry Corporation менен «Чакан ГЭС» ишканасы ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон. "Курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын биринчи жарымы",-деп айтылат маалыматта.
Бишкекте орун жетишпеген мектептерде 1-класстын окуучулары бала бакчанын имаратында окутулмай болду. Бул тууралуу билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева маалымат жыйын учурунда билдирди. “2025-2026-окуу жылында мектепке 25 миң бала келери күтүлүүдө. 23 миң баланын саны да такталып жатат. Алардын баарын мектепке батырууга мүмкүн болбогондуктан, Билим берүү министрлиги менен 1-класстын балдарын азырынча бала бакчанын имаратында окутуу макулдашылды. Бөбөктөр түшкө чейин окушат, түштөн кийин ата-эне кааласа алып кетет, кааласа бакчага таштайт. Бакчанын имаратын ижарага албайбыз. Сабактар 30 мүнөттөн оюн түрүндө өтүлөт", — деди Мусаева.
Нарында пионерлердин "Дружба" лагери 4,5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка караганда, ал эч кандай документтери жок "Үмүт" кооперативине өтүп кеткен. "2008-жылы "Үмүт" кооперативинин директору тарабынан "Дружба" лагери М.Б. аттуу жаранга сатылган. Мурдагы кожоюндары лагердин турак жай корпустарын демонтаждап, материалдарын саткан. Натыйжада жер тилке гана калган", — деп айтылат маалыматта. Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөнү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0