https://sputnik.kg/20250307/1092490006.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эл... 07.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-07T08:59+0600
2025-03-07T08:59+0600
2025-03-07T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092489874_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_676c547c43bf5f84cdcf5f9d5b1622c7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эл аралык кызматташтык жана экспорт башкармалыгынын экпорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева билдирди. Анын айтымында, экологиялык таза продукция боюнча тиешелүү келишим өлкө ичиндеги макулдашуулардан өтүп, экинчи баскычта каралууда. "Документте органикалык продукцияны өндүрүү, маркалоо боюнча бирдиктүү талаптар каралган", — деди Каарбаева.
Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү мектеп окуучуларынын каникулу 17-мартта башталып, 23-мартка чейин созулат. Ал эми төртүнчү чейрек 24-марттан тарта башталат. Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган.
Туура кам көрүлсө Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу элге көп жыл кызмат кылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, эки эстакадалык көпүрө курулган, бири 400 метр, экинчиси 1100 метр. "Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу сапаттуу салынды. Жолду текшерүү иштерине катышып жүргөн, дегеле бул тармакта тажырыйбасы бар адис катары айтсам, буюрса элге көп жыл кызмат кылат. Мисалы, Бишкек — Ош жолу салынгандан кийин 15-20 жылдай бузулбай кызмат кылды. Жаңы жол дагы ушундай иштеп берет деп ишенем. Эң негизгиси, жолго туура кам көрүлүшү керек. Туура тейленсе жол көпкө чыдайт", — деди Калмаматов. Ошондой эле ал Бишкек — Ош жолунда да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эки жол бирдей колдонуларын кошумчалады.
АКШнын Украинага берген бардык аскердик жардамдары Москва сааты боюнча 02:00дөн тарта токтотулуп турат. Бул туурасында РИА Новостиге Пентагондон айтышкан. "Дүйшөмбү күнү кечки алтыдан тарта АКШнын Коргоо министрлигине Украинага берилип жаткан бардык аскердик жардамдарды токтото туруу буйругу берилди", — деп агенттикке билдирген Пентагондун өкүлү. Ал курал-жарактарды жиберүүнү убактылуу токтотуу жолдо жеткирилип бараткан жүккө да тиешелүү экендигин белгилеген. Анткен менен Пентагондон Киевге Чалгын кызматынын маалыматтары берилбей калганы боюнча айтуудан баш тартышкан. Буга чейин Sky News телеканалы бул иштен кабары бар Украинадагы аткаминерлерге таянып АКШ Киевге Чалгын кызматынын маалыматтарын бербей калганын билдирген. Шаршемби күнү ЦРУнун директору Жон Рэтклифф бул кабарды тастыктаган. Эске салсак, Ак үй Киевге аскердик жардам берүүсүн токтоткондо америкалык чалгынчылардын маалыматтарын Украинага бербеш керектигин Улуу Британияга эскерткени кабарланган. Ал эми шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эл аралык кызматташтык жана экспорт башкармалыгынын экпорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева билдирди. Анын айтымында, экологиялык таза продукция боюнча тиешелүү келишим өлкө ичиндеги макулдашуулардан өтүп, экинчи баскычта каралууда. "Документте органикалык продукцияны өндүрүү, маркалоо боюнча бирдиктүү талаптар каралган", — деди Каарбаева. Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү мектеп окуучуларынын каникулу 17-мартта башталып, 23-мартка чейин созулат. Ал эми төртүнчү чейрек 24-марттан тарта башталат. Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган. Туура кам көрүлсө Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу элге көп жыл кызмат кылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, эки эстакадалык көпүрө курулган, бири 400 метр, экинчиси 1100 метр. "Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу сапаттуу салынды. Жолду текшерүү иштерине катышып жүргөн, дегеле бул тармакта тажырыйбасы бар адис катары айтсам, буюрса элге көп жыл кызмат кылат. Мисалы, Бишкек — Ош жолу салынгандан кийин 15-20 жылдай бузулбай кызмат кылды. Жаңы жол дагы ушундай иштеп берет деп ишенем. Эң негизгиси, жолго туура кам көрүлүшү керек. Туура тейленсе жол көпкө чыдайт", — деди Калмаматов. Ошондой эле ал Бишкек — Ош жолунда да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эки жол бирдей колдонуларын кошумчалады. АКШнын Украинага берген бардык аскердик жардамдары Москва сааты боюнча 02:00дөн тарта токтотулуп турат. Бул туурасында РИА Новостиге Пентагондон айтышкан. "Дүйшөмбү күнү кечки алтыдан тарта АКШнын Коргоо министрлигине Украинага берилип жаткан бардык аскердик жардамдарды токтото туруу буйругу берилди", — деп агенттикке билдирген Пентагондун өкүлү. Ал курал-жарактарды жиберүүнү убактылуу токтотуу жолдо жеткирилип бараткан жүккө да тиешелүү экендигин белгилеген. Анткен менен Пентагондон Киевге Чалгын кызматынын маалыматтары берилбей калганы боюнча айтуудан баш тартышкан. Буга чейин Sky News телеканалы бул иштен кабары бар Украинадагы аткаминерлерге таянып АКШ Киевге Чалгын кызматынын маалыматтарын бербей калганын билдирген. Шаршемби күнү ЦРУнун директору Жон Рэтклифф бул кабарды тастыктаган. Эске салсак, Ак үй Киевге аскердик жардам берүүсүн токтоткондо америкалык чалгынчылардын маалыматтарын Украинага бербеш керектигин Улуу Британияга эскерткени кабарланган. Ал эми шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092489874_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bdfd9938c3eba404d26d6ae78a006b19.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио