00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как отмена моратория на проверки скажется на бизнесе?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:57
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
3 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Мектептерде 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүү уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Анда өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынары белгиленген. "Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаштан окууга алуу менен чектелбейт. Реформа окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле бул өнөктүккө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрү, ал инфраструктураны, окуу программаларын жана китептерди жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лаборатория менен жабдууга жумшалары айтылды.Министрлик коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөрүн кошумчалады.
Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн эл аралык уюмдар менен байланыштар боюнча атайын өкүлү Борис Титов менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар туруктуу өнүктүрүү жана Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Алар Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жана БУУ үчүн тиешелүү улуттук баяндамаларды даярдоо боюнча өлкөлөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге өзүнчө токтолушту. Жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө жана кыйынчылыктарга карабастан, анын ичинде климаттык көйгөйлөрдүн чечимдерин табуу контекстинде туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби биринчи кезектеги мааниге ээ болуп, эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүгө тийиш экендиги макулдашылды.
Сот системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, соттордун ишмердүүлүгүн баалоо максатында республика боюнча 72 соттун имараттарына атайын QR-коддор орнотулуп, иштеп баштады. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” мамлекеттик ишкана-мекемесинин директору Бек Иманалиев судьялардын 13-курултайында билдирди. Анын айтымында, QR-код аркылуу берилген суроолорго жооп берип, жаран сот тармагындагы бардык иш-аракеттерге, сот кызматкерлеринин мамилесине, соттордогу түзүлгөн шарттарга карата өз пикирин билдире алат.Белгилей кетсек, QR-код аркылуу пикир билдирүү, соттордун ишине баа берүү жашыруун түрдө жүргүзүлгөндүктөн, ким жазгандыгы аныкталбайт.
АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы өлкөнү "экономикалык кыйроо" абалында "өткөрүп" алганын, бирок Америка эми өсүү багытына түшкөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мурдагы администрациядан экономикалык кыйроону жана инфляциялык кыйынчылыкты мураска алдык. Алардын саясаты энергоресурастардын, азык-түлүктүн кымбатташына жана миллиондогон америкалыктардын күнүмдүк муктаждыктарына болгон көзөмөлдүн жоголушуна алып келди",— деген Трамп конгрессчилердин алдында сүйлөп жатып. Ошондой эле АКШ президенти анын командасы абалды оңдоого батыл киришкенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0