00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
2025-жылы Кыргызстанда 128 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жыйында ачыла турган объектилердин тизмеси аныкталып, аларды ишке киргизүү мөөнөтү талкууланды. «Бир дагы объект көңүл сыртында калбашы үчүн алардын ар бирине жооптуу жетекчилер жана бөлүмдөр бекитилди», - деди ал. Министр ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында 2024-жылы 800 миллион долларлык 102 өнөр жай объектиси ачылганын кошумчалады. Анын айтымында 2025-жылы 1,7 миллиард долларлык 128 объектти ишке киргизүү пландалууда. «Пландаштырылган жумуш орундарынын саны 15 миңге жетет. Ачылыштар бардык аймактарда болот. Мисалы, Нарын облусу боюнча жалпысынан 17 объект ишке киргизилет», - деп кошумчалады Сыдыков.
Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, 11-февралда башка жарлык менен Мамкурулуш агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине айланган. Ошол эле күнү Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды: Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев; №2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев; жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов; Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов; аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев иштен алынган. Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде Россия ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Россиянын расмий адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясына чакырылбайт. Бул — бир нече жыл мурда кабыл алынган, саясатташкан, кызыктай болгон чечим. Ал жерде Россиянын башка расмий түзүмдөрү сыяктуу эле РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдардан да болбойт. Мен муну так айта алам", — деди ал бүгүнкү брифинг учурунда. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0