Кыргыз, илбирс, анан топоз гана чыдаган Мургаб. Кандаштардын жашоосунан бир элес
Кыргыз, илбирс, анан топоз гана чыдаган Мургаб. Кандаштардын жашоосунан бир элес
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн түндүгү көтөрүлүп, керегеси жайылган, шарты катаал Тажик Памиринин Мургаб чөлкөмүн нечен кылымдан бери кыргыздар мекендейт. Эл арасында "Мургабга... 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
1980-жылдардын аягында бул жактагы кандаштар тууралуу белгилүү кинорежиссер жана саясатчы Дооронбек Садырбаев "Журт көрөңгөсү" аттуу даректүү тасма тарткан. Колумнист Алмаз Батилов Мургабдагы кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырган сейрек сүрөттөрдү Чүйгө көчүп келген кандаштардын жеке архивинен тапкан. Сүрөттөрдүн тарыхын жазууга мургабдык акын Өскөнбай Бердибаев жардам берген.
Дүйнөнүн түндүгү көтөрүлүп, керегеси жайылган, шарты катаал Тажик Памиринин Мургаб чөлкөмүн нечен кылымдан бери кыргыздар мекендейт. Эл арасында "Мургабга кыргыз, илбирс жана топоз гана чыдайт" деген учкул сөз бар.
1980-жылдардын аягында бул жактагы кандаштар тууралуу белгилүү кинорежиссер жана саясатчы Дооронбек Садырбаев "Журт көрөңгөсү" аттуу даректүү тасма тарткан. Колумнист Алмаз Батилов Мургабдагы кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырган сейрек сүрөттөрдү Чүйгө көчүп келген кандаштардын жеке архивинен тапкан. Сүрөттөрдүн тарыхын жазууга мургабдык акын Өскөнбай Бердибаев жардам берген.
Кыргыздар түшүм майрамын белгилеп жаткан учур. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Сары-Могол айылы, 1987-жыл. (Айыл 1946-2003-жылдары Тажикстандын курамында эле, азыр Алай районуна карайт).
Кыргыз ССРинен барган маданият ишмерлери: акын Тууганбай Абдиев (2-катарда оң жактан бешинчи), ырчы Каныкей Эралиева (2-катарда оң жактан алтынчы), манасчы Уркаш Мамбеталиев ( 1-катарда төртүнчү) жергиликтүү кандаштар менен жолуккан учур. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 1987-жыл, сентябрь.
Кыргыздарга чөп чабыктын учурунда жардам берип жаткан советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили.
Кыргыз аксакалдары: Ташбек Нажимидинов (сол жакта), ХХ кылымдын башында Памирде белгилүү Көкөнбек миң башынын небереси Курбанбек Сапанов (ортодо), Мыйман Мамытов (оң жакта). Тажикстан Республикасы, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 1998-жыл.