https://sputnik.kg/20250209/1091952503.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Сапардын жүрүшүндө... 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-09T17:00+0600
2025-02-09T17:00+0600
2025-02-09T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091952371_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5fffc3fa1833355579dba5e50e5d9673.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышат. Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.Белгилей кетсек, "Келечектин өкмөттөрүн түзүү" темасына арналган дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат.Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланары айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы иши менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиевге Бишкек Жылуулук электр борборунун иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана 2025-жылга карата оңдоо иштеринин планы тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл учурдагы мезгилдеги жүктү көтөрүү жана борбор шаарды ишенимдүү энергия менен камсыздоо, ошондой эле 2024-жылдагы ЖЭБдеги авариядан кийин жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка бурулду. Ишкананы текшерүү аяктагандан кийин ЖЭБдин жыйындар залында 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү.Атап айтканда, атмосферага эмиссияны азайтуу жана ышка каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле Бишкек шаарын газдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында ЖЭБ үчүн отун катары жаратылыш газын пайдалануу үлүшүн көбөйтүүнүн келечеги талкууланды.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Америка лидери Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал ошондой эле Трамптын администрациясынын бардык мүчөлөрү Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча талкууларга катышып жатканын белгиледи. "Трамп өткөн жумада улуттук коопсуздукка багытталган кеңешчилерден жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн турган командасын чогултуп, жаңжалды токтотуу үчүн улуттук бийликтин бардык элементтерин кантип колдонуу керектигин талкуулады", — деди Келлог. Ал бул жаатта президент менен кошо вице-президент, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи, мамлекеттик катчы, финансы министри жана улуттук коопсуздук кызматкери иштеп жатканын кошумчалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышат. Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.Белгилей кетсек, "Келечектин өкмөттөрүн түзүү" темасына арналган дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат.Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланары айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы иши менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиевге Бишкек Жылуулук электр борборунун иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана 2025-жылга карата оңдоо иштеринин планы тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл учурдагы мезгилдеги жүктү көтөрүү жана борбор шаарды ишенимдүү энергия менен камсыздоо, ошондой эле 2024-жылдагы ЖЭБдеги авариядан кийин жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка бурулду. Ишкананы текшерүү аяктагандан кийин ЖЭБдин жыйындар залында 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү.Атап айтканда, атмосферага эмиссияны азайтуу жана ышка каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле Бишкек шаарын газдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында ЖЭБ үчүн отун катары жаратылыш газын пайдалануу үлүшүн көбөйтүүнүн келечеги талкууланды.АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Америка лидери Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал ошондой эле Трамптын администрациясынын бардык мүчөлөрү Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча талкууларга катышып жатканын белгиледи. "Трамп өткөн жумада улуттук коопсуздукка багытталган кеңешчилерден жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн турган командасын чогултуп, жаңжалды токтотуу үчүн улуттук бийликтин бардык элементтерин кантип колдонуу керектигин талкуулады", — деди Келлог. Ал бул жаатта президент менен кошо вице-президент, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи, мамлекеттик катчы, финансы министри жана улуттук коопсуздук кызматкери иштеп жатканын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091952371_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5bc55846fc3666719be6ea56a179c16d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио