https://sputnik.kg/20250209/1091949304.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү.Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын... 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-09T13:00+0600
2025-02-09T13:00+0600
2025-02-09T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091949172_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b9cf14188c2e5caddb8949e142b4fbb3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү.Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинен бери улам өсүп, жаңы рекорд жаратып келе жатат.Улуттук банк валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, ал үчүн алтын-валюта резервди колдонот. Резервдер ондон ашык валютадан, атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.
Күн мурун Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында ведомствонун коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2025-жылга карата стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери каралды. Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу тууралуу кеңири баяндама жасады. Маанилүү долбоорлордун бири" социалдык контракт " болуп саналат, анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган. "Министрлик өзүнүн алдына жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй - бүлөлөрдү, турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды колдоого, ошондой эле эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү өнүктүрүп жатабыз", - деп белгиледи министр өз баяндамасында.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Boxam” эл аралык мелдешинде 4 медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бокс боюнча мелдеш Испаниянын Аликанте провинциясынын Ла Нусия шаарында өтүп жатат. Алсак, 67 кг чейинки Ихтияр Нишанов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта катышкан Ислам Төрөбаев күмүш медалга жана Санжай Сейдакматов (54 кг) жана Нурадин Рустамбек уулу коло медалга татыды. Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Владимир Зеленскийдин 18 жаштагы өспүрүмдөрдү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартуу планына комментарий бергенин РИА Новости жазды. Владимир Зеленский Reuters агенттигиндеги маегинде Киев 18 жаштагы балдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "пайдалуу келишимдер" менен тартууну пландап жатканын, анын чоо-жайы жакынкы күндөрү ачыкка чыгарын айткан. Мунун фонунда Захарова АКШ менен Украинанын Вашингтон тарабынан берилген финансылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү боюнча мүмкүн болгон келишимин эске салган. Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Украинадан Вашингтон көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна кен байлыктарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү.Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинен бери улам өсүп, жаңы рекорд жаратып келе жатат.Улуттук банк валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, ал үчүн алтын-валюта резервди колдонот. Резервдер ондон ашык валютадан, атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.Күн мурун Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында ведомствонун коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2025-жылга карата стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери каралды. Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу тууралуу кеңири баяндама жасады. Маанилүү долбоорлордун бири" социалдык контракт " болуп саналат, анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган. "Министрлик өзүнүн алдына жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй - бүлөлөрдү, турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды колдоого, ошондой эле эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү өнүктүрүп жатабыз", - деп белгиледи министр өз баяндамасында.Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Boxam” эл аралык мелдешинде 4 медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бокс боюнча мелдеш Испаниянын Аликанте провинциясынын Ла Нусия шаарында өтүп жатат. Алсак, 67 кг чейинки Ихтияр Нишанов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 57 кг чейинки салмакта катышкан Ислам Төрөбаев күмүш медалга жана Санжай Сейдакматов (54 кг) жана Нурадин Рустамбек уулу коло медалга татыды. Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Владимир Зеленскийдин 18 жаштагы өспүрүмдөрдү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартуу планына комментарий бергенин РИА Новости жазды. Владимир Зеленский Reuters агенттигиндеги маегинде Киев 18 жаштагы балдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "пайдалуу келишимдер" менен тартууну пландап жатканын, анын чоо-жайы жакынкы күндөрү ачыкка чыгарын айткан. Мунун фонунда Захарова АКШ менен Украинанын Вашингтон тарабынан берилген финансылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү боюнча мүмкүн болгон келишимин эске салган. Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Украинадан Вашингтон көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна кен байлыктарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091949172_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b1097c121b8bb920dec5719a7676ba9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио