https://sputnik.kg/20250206/1091886292.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык келишимдерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T11:00+0600
2025-02-06T11:00+0600
2025-02-06T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091886160_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_00c298c2ef06e8c43fc1f66d4fb17271.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык келишимдерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, келишимдер Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн. "Министрлер кабинети менен Кытайлык компаниянын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган”, – деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, аталган компания менен кубаттуулугу 300 мегаваттык күн электр станциясын курууга багытталган дагы бир инвестициялык келишим түзүлгөн. Президенттик администрация бул документтер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, министр менен элчи кечээ, 5-февралда кезиккен. Жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Сергей Вакуновду кызматына киришүүсү менен куттуктаган. Муну менен катар жолугушууда тараптар транспорт тармагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү талкуулашкан.
Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы шаар аймагында экологияны булгагандарга каршы рейд жүргүзүп жатат. Январь айында атмосфералык абаны коргоо боюнча жалпысынан 16 иш-чара өткөрүлүп, 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилди. Рейддин жүрүшүндө, иштетилген автоунаа майын, калдык материалдарды өрттөө фактылары катталган. Мунун негизинде жеке жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 228 миң сом айып салынган. Ошондой эле мэрия шаар тургундарын экологияны булгаган көрүнүштөргө күбө болсо 0990 75 73 71 номерине кабарлоону суранды.
Россия менен мамилени жөнгө салуу үчүн АКШ биринчи болуп кадам шилтеши керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды. Дипломат Москва дайым калыстыктан тайбаган өнөктөштүккө умтулуп келгенин, бирок Батыш башынан эле геосаясий атаандашын алсыратуу максатын көздөп, Россиянын айткан-дегенин кулак сыртынан кетирип келгенин белгилеген. Рябков буга карабастан Россия АКШнын мурунку жетекчилигинин "эрежеге негизделген дүйнө түзүлүшүн куруп", Москвага стратегиялык сокку уруу планын бузуп, бардык каршылыктарга туруштук бере алганын айтты. "Бул курстун кыйрап, администрация жаңылангандан кийин өз ара сый-урмат жана тең укуктуу принциптеринин негизинде эки тараптуу мамилени жолго коюуга биринчи кадамды АКШ жасашы керек", — деди Рябков. Анын айтымында, Россия диалогго ачык, азыркы реалдуулукка таянып жана улуттук кызыкчылыктарын эске алып "катаал соодалашуу режиминде" сүйлөшүүгө даяр.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык келишимдерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, келишимдер Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн. "Министрлер кабинети менен Кытайлык компаниянын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган”, – деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, аталган компания менен кубаттуулугу 300 мегаваттык күн электр станциясын курууга багытталган дагы бир инвестициялык келишим түзүлгөн. Президенттик администрация бул документтер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, министр менен элчи кечээ, 5-февралда кезиккен. Жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Сергей Вакуновду кызматына киришүүсү менен куттуктаган. Муну менен катар жолугушууда тараптар транспорт тармагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү талкуулашкан. Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы шаар аймагында экологияны булгагандарга каршы рейд жүргүзүп жатат. Январь айында атмосфералык абаны коргоо боюнча жалпысынан 16 иш-чара өткөрүлүп, 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилди. Рейддин жүрүшүндө, иштетилген автоунаа майын, калдык материалдарды өрттөө фактылары катталган. Мунун негизинде жеке жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 228 миң сом айып салынган. Ошондой эле мэрия шаар тургундарын экологияны булгаган көрүнүштөргө күбө болсо 0990 75 73 71 номерине кабарлоону суранды. Россия менен мамилени жөнгө салуу үчүн АКШ биринчи болуп кадам шилтеши керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды. Дипломат Москва дайым калыстыктан тайбаган өнөктөштүккө умтулуп келгенин, бирок Батыш башынан эле геосаясий атаандашын алсыратуу максатын көздөп, Россиянын айткан-дегенин кулак сыртынан кетирип келгенин белгилеген. Рябков буга карабастан Россия АКШнын мурунку жетекчилигинин "эрежеге негизделген дүйнө түзүлүшүн куруп", Москвага стратегиялык сокку уруу планын бузуп, бардык каршылыктарга туруштук бере алганын айтты. "Бул курстун кыйрап, администрация жаңылангандан кийин өз ара сый-урмат жана тең укуктуу принциптеринин негизинде эки тараптуу мамилени жолго коюуга биринчи кадамды АКШ жасашы керек", — деди Рябков. Анын айтымында, Россия диалогго ачык, азыркы реалдуулукка таянып жана улуттук кызыкчылыктарын эске алып "катаал соодалашуу режиминде" сүйлөшүүгө даяр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091886160_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a8d48755dc96a8df496bfdbec10d5a86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио