00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка кол коюлдуАКШда кыйраган учак: бортто фигуристтер менен дүйнө чемпиондору болгонМончо, унаа жуугуч, бассейн иштеткендер үчүн суунун тарифин көтөрүү каралуудаАлдыда кененирээкТурмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат. "Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет. Ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү алардын милдети болот. 1-февралдан тарта колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат", — деп айтылган маалыматта. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы буга чейин "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирген.
Бишкекте профилдүү мекемеге мончо, бассейн, автоунаа жуучу жайлар үчүн суу жана канализацияга жогорулатылган тариф коюу укугун берүү суншталды. Тиешелүү токтом долбоорун шаардык мэрия иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды. Маалыматка ылайык, учурда ичүүчү сууну жеткирүү наркы тарифтен 1,5 эсеге кымбат. Ошол эле учурда таза суу жеткирүү жана саркынды суу системалары эскирип, жаңыртууну талап кылары, ага каражат керектиги айтылган. "Ушул эле учурда айрым керектөөчүлөр сууну сырьё катары пайдаланышат. Аларга юридикалык жактарга белгиленген тариф колдонулат. Бирок бул категориядагы ишкерлер башкаларга салыштырганда сууну көп колдонушат", — деп жазылган токтом долбоорунун негиздемесинде. Мындан улам тийиштүү мекемеге аталган топтогу ишкерлер үчүн тарифтерди түзүүдө жогорулатылган коэффициент белгилөө укугун берүү каралган. Бул өз кезегинде аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тарифти мурдагыдай сактап калууга өбөлгө болору кошумчаланды.
Иштейбизби же силердин алдыңарда отчет берип отура беребизби? Мындай суроону Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин бир катар фракцияларынын жыйынында узатты. Калаа башчы 14-январдан бери шаардык кеңеш 19 жыйын өткөргөнүн, бирок бир дагы жумуш бүтүрбөгөнүн белгилеген. "Орун басарларым, департамент жетекчилери иш кылабы же силердин алдыңарда эле отчет берип отурабы? 2024-жылы бул убакта депутаттар жок болгондуктан көп иштерди баштап, нугуна салып койгонбуз. Азыр болсо шаардык кеңешке отчет берип жүрөбүз. Жыйынга фракция жетекчилери катышып жатса эмнеге кайра өзүнчө фракция жыйындарына жетекчилерди чакырып жатасыңар? " — деди мэр.
Вашингтондун асманында кыйраган учактын бортунда машыктыруучуларды эсепке албаганда кеминде 14 фигурист болгон. Бул тууралуу РИА Новости америкалык фигурист Жон Маравиллага таянуу менен жазды. "Мен ал учакта болгон бир нече фигуристти, машыктыруучуларды жана үй-бүлөлөрдү билем... Алардын ысымдарын атабай эле коеюн. Учакта машыктыруучулары менен ата-энелерин эсепке албаганда 14 фигурист болгон", — деген ал. РИА Новостинин маалымат булагы жүргүнчүлөрдүн арасында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 1994-жылдагы чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов да болгонун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0