00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Талантбек Жекшенов жана парктын кызматкерлери катышты. Саамалыкты оболу Каныбек Туманбаев ачып, бул долбоор экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгиледи. “Асма жолдун курулушу — бул биздин мамлекеттин туристтик жактан кызыкчылыгын жакшыртууга багытталган стратегиялык маанилүү кадам. Президенттин тапшырмасы менен биз өлкөбүзгө келген коноктор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана экотуризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз”,— деди ал. Белгилүү болгондой, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоордун биринчи этабында 1 чакырым жерге куруу пландалып, 10 млн евро каралган. Курулуш ишин ушул жылдын күз айларында бүтүрүү мерчемделип, австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашырылат. Ал эми долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделүүдө.
Беларуста президенттик шайлоо башталды. Саат 8:00дө өлкөдө шайлоо тилкелери ачылды.Президенттик кресло үчүн беш талапкер ат салышууда: Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко; Либералдык-демократиялык партия лидери Олег Гайдукевич; Республикалык эмгек жана акыйкаттык партиясынын лидери Александр Хижняк; Беларустун Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Сергей Сыранков; мурдагы шайлоолордо да талапкер болгон ишкер Анна Канопацкая.Кечээ шайлоочулардын 40 пайызы мөөнөтүнөн мурда добушун берген. Шайлоодо КМШ мамлекеттеринен 40 байкоочу, анын ичинде Кыргызстандан да байкоочулар иштеп жатат. Буга чейин шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев байкоочулар шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен жолугуп, шайлоо участкаларын карап чыгышканын билдирген. Лебедевдин маалыматы боюнча, КМШнын жети мамлекетинен жалпы 296 байкоочу аккредитациядан өткөн.Өлкө Конституциясына ылайык, мамлекеттин жетекчиси беш жылга шайланат. Шайлоонун жыйынтыгын БШК 5-февралга чейин жарыялашы шарт. Эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын добушунун 50 пайызын ала албаса, экинчи тур жарыяланат. Ал болжол менен 9-февралда добуштардын көбүнө ээ болгон эки талапкердин арасында өтүшү мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын каршылыгына карабастан Америка Гренландияны көзөмөлгө аларына ишенерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн. Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да акылга сыйбаган ой экенин айткан.Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0