https://sputnik.kg/20250124/1091612897.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T11:00+0600
2025-01-24T11:00+0600
2025-01-24T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091612765_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a8adfebd118758a1310000808130dd0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот жана заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат. Мындан тышкары, минкаб төрагасы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай курулуш механизминин алкагында берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон турат
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтүн ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби маселелерин иштеп чыгууда Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды.
Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:35те алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Сосновка постуна кечээ саат 18:00дөн тартып жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Владимир Зеленский периште эмес, ал Украинада атайын операциянын болушуна жол бербеши керек эле. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп айткандыгын РИА Новости жазды. АКШ президенти Fox News телеканалына берген интервьюсунда Зеленский согушууну каалагандыктан Украинадагы кармашты жөнгө салуу иши чечилбегендигин белгиледи. Ошондой эле Трамп кармаштын кесепетинен Украина какшып калгандыгын айтып, чатакты "токтоосуз" бүтүрүүгө чакырды. Ак үйдүн башчысы муну менен катар эле Россия армиясы Украинаныкына караганда кубаттуураак экендигин белгилеп, эгерде чатак "тез арада" чечилбесе Москвага кайрадан санкциялар, бажы алымдары салынарын айтып опузалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот жана заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат. Мындан тышкары, минкаб төрагасы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай курулуш механизминин алкагында берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон туратАбхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтүн ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби маселелерин иштеп чыгууда Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды. Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:35те алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Сосновка постуна кечээ саат 18:00дөн тартып жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.Владимир Зеленский периште эмес, ал Украинада атайын операциянын болушуна жол бербеши керек эле. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп айткандыгын РИА Новости жазды. АКШ президенти Fox News телеканалына берген интервьюсунда Зеленский согушууну каалагандыктан Украинадагы кармашты жөнгө салуу иши чечилбегендигин белгиледи. Ошондой эле Трамп кармаштын кесепетинен Украина какшып калгандыгын айтып, чатакты "токтоосуз" бүтүрүүгө чакырды. Ак үйдүн башчысы муну менен катар эле Россия армиясы Украинаныкына караганда кубаттуураак экендигин белгилеп, эгерде чатак "тез арада" чечилбесе Москвага кайрадан санкциялар, бажы алымдары салынарын айтып опузалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091612765_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_68996c504aa2526f901a7fff2eeaa924.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио