00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:53
7 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:50
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы жүрүп жатат. Мекемеден билдиришкендей, учурда Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарына малдарды эсептөө боюнча контролдук иш чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат. Былтыркы санакта үй канаттууларынын саны республика боюнча 6 млн 988 миң 968 болсо, ири мүйүздүү мал - 1 802 299, топоз – 59 142, жылкы - 542 527, кой-эчкинин саны - 6 216 125 түзгөн. Жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы Улуттук статистика комитети менен биргеликте ишке ашырылат.
Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинен банктык карталарды (эквайринг) колдонуу менен салык төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди. Кабарлангандай, эми салык төлөөчүлөр Элкарт, Visa жана MasterCard төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен банктарга же салык органдарына барбай эле дүйнөнүн каалаган бурчунан салыктарды төлөй алышат. Белгилей кетсек, коопсуздукту сактоо максатында банк карталарынын маалыматтары сакталбайт жана системага байланбайт. Төлөмдүн жаңы ыкмасын киргизүү салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин тез, аралыктан жана коопсуз аткарууга мүмкүндүк берет.
Өткөн жылдын декабрь айында ачылган Бишкек – Москва багыты боюнча темир жол каттамы аркылуу 13 миң 422 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Бишкектен чыккан жүргүнчүлөр Москванын Павелецкий вокзалына чейин учак менен барганга караганда кыйынчылыксыз жетишет.Маалым болгондой, 2024-жылы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жалпы 9 млн 200 миң тонна жүк ташыган. Жүктөрдүн эң негизги көлөмү импорттук жана өзүбүздөн чыккан экспорттук жүк ташуулар болуп саналат. Көбүнчө Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Махачкала шаарына чейин чоң көлөмдө жүктөр ташылат. Ал эми жүргүнчү ташуу боюнча өткөн жылы бардыгы 271 миң 446 жүргүнчү ташылган. Ошондой эле 2024-жылы мамлекеттик бюджетке 527,6 млн сом, ал эми Социалдык фондго 520,2 млн сом акча төлөнгөндүгүн ишкана өкүлү кошумчалады.
2025-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 37 млн 543 миң 167 адамды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди. 2025-жылдын 20-январына карата бул сан 37 млн 576 миң 214 адамга көбөйгөн. Жалпы калктын 18,6 миллиону аялдар, 18,9 миллиону эркектер. Ал эми 2024-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 799,8 миң адамды түзгөн. Туруктуу калктын жалпы өсүшү жыл сайын 2 пайызды түзүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0