https://sputnik.kg/20250115/belarus-rossiya-chek-ara-kesip-otuu-1091437699.html
ТИМ кыргызстандыктар Беларусь-Россия чек арасын кантип кесип өтөрүн айтты
ТИМ кыргызстандыктар Беларусь-Россия чек арасын кантип кесип өтөрүн айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ТИМ Кыргызстандын жарандарына Беларусь менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок... 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T19:00+0600
2025-01-15T19:00+0600
2025-01-15T19:00+0600
кыргызстан
россия
беларусь
тим
макулдашуу
чек ара
https://sputnik.kg/img/104355/44/1043554408_0:868:2031:2010_1920x0_80_0_0_f831dabe6b95df15294ab04c8e02e048.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ТИМ Кыргызстандын жарандарына Беларусь менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн (мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган) беларусь-орус чек арасын, анын ичинде кургактагы жол аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт.Учурда макулдашуунун алкагында алты багыт каралган:Юховичи – Долосцы (Опочка – Новополоцк),Езерище – Невель (Киев – Санкт-Петербург),Лиозно – Кругловка (Витебск – Смоленск),Редьки – Красная Горка (Минск – Москва),Звенчатка – Дубовичка (Бобруйск – Москва),Селище – Новозыбков (Гомель – Брянск).Беларусь-Россия чек арасынын кургактагы бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.ТИМ Беларусь өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргызстандын жалпы жарандык паспортторун гана тааный турганын эскертет.
https://sputnik.kg/20250113/kyrgyzstan-tim-viza-turizm-1091390739.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104355/44/1043554408_0:677:2031:2200_1920x0_80_0_0_8c9d194502025201e5db58fac7653909.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, беларусь, тим, макулдашуу, чек ара
кыргызстан, россия, беларусь, тим, макулдашуу, чек ара
ТИМ кыргызстандыктар Беларусь-Россия чек арасын кантип кесип өтөрүн айтты
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ТИМ Кыргызстандын жарандарына Беларусь менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн (мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган) беларусь-орус чек арасын, анын ичинде кургактагы жол аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт.
“Кыргызстандын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына эл аралык өткөрүү пунктулары, темир жол, ошондой эле макулдашууда көрсөтүлгөн автомобиль жолдору менен кире алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда макулдашуунун алкагында алты багыт каралган:
Юховичи – Долосцы (Опочка – Новополоцк),
Езерище – Невель (Киев – Санкт-Петербург),
Лиозно – Кругловка (Витебск – Смоленск),
Редьки – Красная Горка (Минск – Москва),
Звенчатка – Дубовичка (Бобруйск – Москва),
Селище – Новозыбков (Гомель – Брянск).
Беларусь-Россия чек арасынын кургактагы бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.
ТИМ Беларусь өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргызстандын жалпы жарандык паспортторун гана тааный турганын эскертет.