https://sputnik.kg/20250113/1091387365.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чок-Талдагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты, арасында бөбөк бар"Чегине баратабыз". Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылуудаЕАЭБдеги КР... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T17:00+0600
2025-01-13T17:00+0600
2025-01-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091387233_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a6629454072b8ab1915bf37bad21910d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чок-Талдагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты, арасында бөбөк бар"Чегине баратабыз". Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылуудаЕАЭБдеги КР судьялары өлкөдөгү соттордой эле социалдык кепилдикке ээ болуштуАлдыда кененирээкЕАЭБдеги Кыргызстандын судьяларына мамлекеттик камсыздандыруу, төлөмдөр жана пенсияга үстөк акы берилет. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ал 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү келишим боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, ЕАЭБ сотунун судьяларына: Кыргызстандын судьяларына кепилденген мамлекеттик камсыздандыруу, ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөк пул төлөө жана пенсияга үстөк акы берилет; пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргызстандын судьяларына каралган тартипте аныкталат; уюмда иштеген мезгили судьялык иш стажыга кошулат. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандан ЕАЭБ сотунда иштеген судьялардын социалдык коргоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган. Эске салсак, ЕАЭБдин соту уюмдун ичиндеги талаштарды карайт. Ага мүчө өлкөлөрдөн экиден судья кирет. Ушу тапта Кыргызстандан эки судья иштеп келет.
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Ведомстводон билдиришкендей, учурда республика боюнча 394 бош орун бар. Сынак министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт. Белгиленгендей, сынактын төртүнчү этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2025-жылдын 13-январынан башталып, 27-январга чейин болот. Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша электрондук даректер боюнча кабыл алынат.Сынактын төртүнчү этабы квалификациясын тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы кандидаттардын өздөрүнө жиберилет.
Балыкчы — Каракол жолундагы Чок-Тал айылынын боюнда болгон жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Айнура Бейшекеева билдирди. Эске салсак, 10-январь күнү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа алгач атты, андан соң бакты сүзүп токтогону айтылган. Автоунаада төрт чоң адам жана үч бала болгон. Каза болгондордун арасында эки жаштагы бала менен 14 жаштагы кыз бар. "Автоунаанын ичинде жети киши бара жаткан. Алардын төртөө кырсык болгон жерде көз жумса, үчөө ооруканада жатат. Беш жаштагы бала реанимацияда, ал эми ата-энеси палатада дарыланууда", — деди Бейшекеева.
2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн. Бул туурасында Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуусу Гейл Уайтмендин айтканын Nature илимий журналы жарыялаган. "Кооптуулуктун бири керектүү кадамдарды жасабай, көңүлдү тынчытып, өзүн-өзү жубатууда турат. Адамдар айтылган чектен деле өттүк, эч нерсе болгонубуз жок го деген ойго жетелениши мүмкүн", — деген илимпоз. Ал айлана-чөйрөнү коргогондор менен бир топ окумуштуулар бул жаатта Бириккен Улуттар Уюмунун Бразилияда өтө турган климат боюнча ири саммитинде чыгып сүйлөп, маселени көтөрүп чыгарына ишеним артып тургандыгын айтты. "Биз адамзат үчүн коопсуз болгон аймактын соңуна жакындап калдык", — деген Уайтмен.
Чок-Талдагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты, арасында бөбөк бар"Чегине баратабыз". Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылуудаЕАЭБдеги КР судьялары өлкөдөгү соттордой эле социалдык кепилдикке ээ болуштуАлдыда кененирээкЕАЭБдеги Кыргызстандын судьяларына мамлекеттик камсыздандыруу, төлөмдөр жана пенсияга үстөк акы берилет. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ал 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү келишим боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, ЕАЭБ сотунун судьяларына: Кыргызстандын судьяларына кепилденген мамлекеттик камсыздандыруу, ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөк пул төлөө жана пенсияга үстөк акы берилет; пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргызстандын судьяларына каралган тартипте аныкталат; уюмда иштеген мезгили судьялык иш стажыга кошулат. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандан ЕАЭБ сотунда иштеген судьялардын социалдык коргоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган. Эске салсак, ЕАЭБдин соту уюмдун ичиндеги талаштарды карайт. Ага мүчө өлкөлөрдөн экиден судья кирет. Ушу тапта Кыргызстандан эки судья иштеп келет.Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Ведомстводон билдиришкендей, учурда республика боюнча 394 бош орун бар. Сынак министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт. Белгиленгендей, сынактын төртүнчү этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2025-жылдын 13-январынан башталып, 27-январга чейин болот. Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша электрондук даректер боюнча кабыл алынат.Сынактын төртүнчү этабы квалификациясын тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы кандидаттардын өздөрүнө жиберилет.Балыкчы — Каракол жолундагы Чок-Тал айылынын боюнда болгон жол кырсыгынан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Айнура Бейшекеева билдирди. Эске салсак, 10-январь күнү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа алгач атты, андан соң бакты сүзүп токтогону айтылган. Автоунаада төрт чоң адам жана үч бала болгон. Каза болгондордун арасында эки жаштагы бала менен 14 жаштагы кыз бар. "Автоунаанын ичинде жети киши бара жаткан. Алардын төртөө кырсык болгон жерде көз жумса, үчөө ооруканада жатат. Беш жаштагы бала реанимацияда, ал эми ата-энеси палатада дарыланууда", — деди Бейшекеева.2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн. Бул туурасында Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуусу Гейл Уайтмендин айтканын Nature илимий журналы жарыялаган. "Кооптуулуктун бири керектүү кадамдарды жасабай, көңүлдү тынчытып, өзүн-өзү жубатууда турат. Адамдар айтылган чектен деле өттүк, эч нерсе болгонубуз жок го деген ойго жетелениши мүмкүн", — деген илимпоз. Ал айлана-чөйрөнү коргогондор менен бир топ окумуштуулар бул жаатта Бириккен Улуттар Уюмунун Бразилияда өтө турган климат боюнча ири саммитинде чыгып сүйлөп, маселени көтөрүп чыгарына ишеним артып тургандыгын айтты. "Биз адамзат үчүн коопсуз болгон аймактын соңуна жакындап калдык", — деген Уайтмен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091387233_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9bd5a5276264a3f7e846064859cc4778.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио