00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ошко бергенден калган Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланатСербия жана Швейцария Путин менен Трамптын жолугушуусун уюштурууну сунуштадыЖогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салдыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. Төрага бул анын көптөн берки кыялы экенин белгиледи. "Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм", — деди төрага. Эске салсак, фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда жактырылган. Документте төмөнкүдөй варианттар сунушталат, мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо, анда: 1.Бакытбек Үсөн же Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (кааласа) 2.Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (кааласа) 3.Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (кааласа) деп өзгөртүүгө жол берилет.
Актауда авиакырсыктан жабыркаган үчүнчү кыргызстандык ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Оор жаракат алган Ринат Асанов Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Азыр анын абалы туруктуу экени айтылды. Буга чейин 8-январда учак кырсыгынан жабыркаган эки мекендеш ооруканадан үйүнө чыгарылган. Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандыктар эле. Алар ооруканага жеткирилип, 20 жаштагы жигиттин абалы оор деп бааланып жаткан. 30-декабрда үчөө тең Кыргызстанга алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу. Алар Ош шаарына берилгенден кийин калган троллейбустар экени кошумчаланды. Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.
Сербия президенти Александр Вучич Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамптын жолугушчу жери катары өз өлкөсүн сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттин жетекчиси TV Pink эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды. "Россия менен АКШ президенттеринин жолугушчу жери катары Сербияны биринчи жолу сунуштап жатам. Эмне үчүн? Себеби Сербия айрым мамлекеттердей болуп аскерий блоктордон кагаз жүзүндө эле тыш эмес, чындап НАТОго да, ЖККУга да аралашпайт. Сербия — өз алдынчалуу, көз карандысыз мамлекет, эки президентке тең коопсуздугун кепилдей алууга кудурети жеткен өлкө", — деген Вучич. Анын айтымында, Россия менен АКШ президенттери серб элинин жылуу мамилесине арзыган.
Жаңылыктар түрмөгү
0