00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Структура личности
Театр Айтматова после ремонта: новые спектакли и обновленный облик
16:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Асилбеков: өнүгүү илим-билим аркылуу гана ишке ашат
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Чем занимается и как модернизируется служба охраны и конвоирования в Кыргызстане
18:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ошто “Сахарово” миграциялык борбору курулат — эмгек мигранттары үчүн шарттар катаалдаштыбы?
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалатГерманияда Россияга карата санкцияларды токтотуу маселеси көтөрүлүүдө13-январга карата доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май арзандадыАлдыда кененирээкДем алыш күндөрү доллардын курсу жана алтын куймалардын баасы өстү, ал эми күйүүчү май арзандады. Жума күнгө салыштырмалуу долларды сатып алуу орточо 24 тыйынга, сатуу 25 тыйынга жогорулады. Банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда сатуу курсу 87,6дан 87,65 сомго чейин болууда. Еврону сатып алуу 31 тыйынга, сатуу 27 тыйынга төмөндөгөн. Рубль менен теңгенин курсу билинер-билинбес өзгөргөн. Күйүүчү май арзандады. Мисалы, "Роснефть" май куюучу жайларында АИ-92 бензини бешинчи күндөн бери 2 сомго, ал эми дизель жана АИ-95 үлгүсүндөгү майдын баасы 3 сомго түштү. Алтын куймалардын баасы көтөрүлдү. Мисалы, бир граммдык куймалар 21,5 сомго кымбаттады.
Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, салыкчы 9-январда колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген."Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. пара менен кармалды. Ал мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алгандыгы аныкталган. Соттун уруксаты менен анын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылган", — деп айтылат маалыматта. Учурда бул кылмышка тиешелүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.УКМК бул иш коррупционерлерге карата жаза катаалдагандан кийин жасалганын эске салган. Жаңы мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди.
Мурдагы күйөөсү кордогон Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. "17-январда үчүнчү операциям болот. Келбетим акырындап калыбына келе баштады, мага жардамын аябаган биздин жана Москванын дарыгерлерине ыраазымын", — деп жазган ал. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
Германиянын канцлерлигине талапкер Сара Вагенкнехт Россияга карата санкцияларды токтотуп, россиялык газдын импортун сактап калуу керектигин айтты. Бул туурасында RT жазды. Анын пикиринде, АКШнын санкция саясатынын украиналык чатакка тиешеси жок, болгону ал америкалык экономикага дем бериш үчүн гана керек. Вагенкнехт муну менен катар эле Вашингтондун чектөөлөрүн "немецтик жана европалык компанияларды өлтүрүү программасы" деп атады. Саясатчынын мындай деп айткандарын Die Zeit басылмасы жазган."Биз кош стандарттар менен кош идеологияны эмес, эң төмөнкү бааларды кайрадан критерий катары карап энергоресурстардын импортун уюштурушубуз керек", — деп Вагенкнехттин айтканын аталган телеканал алып берген.Германияда санкцияны ооздуктоо жана отунду, тагыраагы, көгүлтүр отту саясатташтырбай импорттоону кайрадан жөнгө салуу туурасында маселе көтөрүлө баштады. Эске салсак, "Германия үчүн альтернатива" партиясынан канцлерге талапкер Элис Вайдель парламенттик шайлоодо жеңип чыкса "Түндүк агымдын" ишин жандантууга убада берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0