https://sputnik.kg/20250112/uluttuk-bank-aldamchy-ehskertuu-akcha-skhema-1091365817.html
Улуттук банк элди алдамчылардын жаңы схемасынан сак болууга чакырды
Улуттук банк элди алдамчылардын жаңы схемасынан сак болууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардын "акча кайтарып берүү" деген жаңы схемасына алданып калбоого чакырды. 12.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-12T13:16+0600
2025-01-12T13:16+0600
2025-01-12T13:16+0600
кыргызстан
улуттук банк
алдамчылык
эскертүү
акча
схема
https://sputnik.kg/img/103811/94/1038119499_0:0:4739:2666_1920x0_80_0_0_5920756cef83f157be3c8e6e8ec1d15e.jpg
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардын "акча кайтарып берүү" деген жаңы схемасына алданып калбоого чакырды.Мекемеден белгилешкендей, белгисиз адамдар мессенжер аркылуу жарандарга сайтка шилтеме жиберишет, андан Улуттук банкка тиешелүү деген сайт чыгып, жарандарга каражатын кайтарып берүү сунушталат. Бирок мунун баары жалган маалымат.Ошондой эле маалыматта кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылган жашоочулар болсо дароо банкка кабарлашы керектиги кошумчаланган."Бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз", – дешти мекемеден.
https://sputnik.kg/20241113/ajgul-zhaparovanyn-atyn-zhamyngan-shyluundar-1090160207.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103811/94/1038119499_358:0:4575:3163_1920x0_80_0_0_d54cf6202649b3f80b5e4e61363bd007.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, алдамчылык, эскертүү, акча, схема
кыргызстан, улуттук банк, алдамчылык, эскертүү, акча, схема
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардын "акча кайтарып берүү" деген жаңы схемасына алданып калбоого чакырды.
Мекемеден белгилешкендей, белгисиз адамдар мессенжер аркылуу жарандарга сайтка шилтеме жиберишет, андан Улуттук банкка тиешелүү деген сайт чыгып, жарандарга каражатын кайтарып берүү сунушталат. Бирок мунун баары жалган маалымат.
"Улуттук банк мессенжер аркылуу жарандарга эч кандай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Мындай алдамчылыкка ишенбеңиз, бейтааныштарга акчаңызды которбоңуз", — деп жазылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Ошондой эле маалыматта кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылган жашоочулар болсо дароо банкка кабарлашы керектиги кошумчаланган.
"Бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз", – дешти мекемеден.
13 Жетинин айы 2024, 15:34