https://sputnik.kg/20250111/1091357063.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү тараттыБылтыр Tunduk тиркемесинде 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүрдүБыйыл өлкөдө 40 туристтик... 11.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-11T15:00+0600
2025-01-11T15:00+0600
2025-01-11T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0b/1091356931_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bae4bc9c136cfc6ee1c39c675b2736e1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү тараттыБылтыр Tunduk тиркемесинде 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүрдүБыйыл өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалуудаАлдыда кененирээкБыйыл өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, туристтик базаларды ачууга жалпысынан 156 жер сунушталган. "2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, алардын жалпы саны 156, облустар боюнча: Баткен облусу - 7, Жалал – Абад облусу-29, Ысык - Көл облусу- 40, Нарын облусу – 34, Ош облусу – 23, Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13", - деди Амангелдиев.
2024-жылы Tunduk тиркемесинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүргүздү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова билдирди. Анын айтымында, бул Tunduk мобилдик тиркемесиндеги санариптик жетишкендик. Мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйла жөнөкөйлөттү. “Tunduk мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. Колдонмонун негизги өзгөчөлүгү санариптик документтер болуп саналат, анткени алар кагаз түрүндөгү варианттардай эле юридикалык күчкө ээ. Тиркеме аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлдү.
Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү таратты. Банктан билдиришкендей, белгисиз адамдар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген алдамчылык сайтына шилтеме жиберип, анда Кыргызстандын тургундарына акча каражаттарын кайтаруу кызматтары сунушталууда. “Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий түрдө билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз”,-деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, эгер сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.
Алдамчылыкка шектелген президенттин мурдагы кеңешчиси Хайдарали Халиков Молдовадан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Маалыматка ылайык, ал аялды ири суммадагы акчага алдаган жана бир нече ушул сыяктуу кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Халиковду Өзбекстандан аткезчилик жол менен шифер ташып келген жана анын бизнесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн колдоо көрсөтүүнү талап кылган деп айыптаган. Анын мындай жоругу президентке жетип, ал Халиковду эле эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчыларынын баарын иштен алганы кабарланган.
Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү тараттыБылтыр Tunduk тиркемесинде 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүрдүБыйыл өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалуудаАлдыда кененирээкБыйыл өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, туристтик базаларды ачууга жалпысынан 156 жер сунушталган. "2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, алардын жалпы саны 156, облустар боюнча: Баткен облусу - 7, Жалал – Абад облусу-29, Ысык - Көл облусу- 40, Нарын облусу – 34, Ош облусу – 23, Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13", - деди Амангелдиев. 2024-жылы Tunduk тиркемесинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүргүздү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова билдирди. Анын айтымында, бул Tunduk мобилдик тиркемесиндеги санариптик жетишкендик. Мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйла жөнөкөйлөттү. “Tunduk мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. Колдонмонун негизги өзгөчөлүгү санариптик документтер болуп саналат, анткени алар кагаз түрүндөгү варианттардай эле юридикалык күчкө ээ. Тиркеме аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлдү.Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү таратты. Банктан билдиришкендей, белгисиз адамдар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген алдамчылык сайтына шилтеме жиберип, анда Кыргызстандын тургундарына акча каражаттарын кайтаруу кызматтары сунушталууда. “Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий түрдө билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз”,-деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, эгер сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.Алдамчылыкка шектелген президенттин мурдагы кеңешчиси Хайдарали Халиков Молдовадан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Маалыматка ылайык, ал аялды ири суммадагы акчага алдаган жана бир нече ушул сыяктуу кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Халиковду Өзбекстандан аткезчилик жол менен шифер ташып келген жана анын бизнесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн колдоо көрсөтүүнү талап кылган деп айыптаган. Анын мындай жоругу президентке жетип, ал Халиковду эле эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчыларынын баарын иштен алганы кабарланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0b/1091356931_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9046af12e03a30b676070711b2e1ee5a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио