00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как закон о женском предпринимательстве может изменить роль женщин в экономике
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зоопарк тууралуу эмне билишибиз керек? — Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын абалы
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Роль Глобального Севера в современном мире — беседа с экспертами
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мамлекеттик «Учур» жаштар театрына жаңы директор дайындалдыАрмения өкмөтү ЕБге кирүү боюнча мыйзам долбоорун колдодуБишкек прокурорунун мурдагы орун басарына 1,8 млн. сом айып салындыАлдыда кененирээкВице-мэр Рамиз Алиевден 5 миң доллар опузалаган Бишкектин прокурорунун мурдагы орун басарына 1,8 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Буга чейин прокурордун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу, шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары жана Аскер лицейинин юристи вице-мэр Рамиз Алиевден ("Тазалыктын" мурдагы жетекчиси) опузалап 5 миң доллар пара талап кылган деп шектелген.
Рыскул Боромбаев Мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырды. Министрдин орун басары театрды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана быйылкы жылы театр үчүн жаңы имараттын курулушун баштоо негизги милдет экенин белгиледи. Бул долбоор мамлекеттик деңгээлдеги маданиятты жана жаштар чыгармачылыгын колдоо программасынын артыкчылыктуу багыты. «Учур» жаштар театры ар дайым заманбап искусствонун өнүгүүсүнүн маанилүү аянтчасы болуп келген жана болуп калат. Биз жамааттын иши жана чыгармачылыгы үчүн заманбап шарттарды түзүү зарылдыгын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан театрдын жаңы имаратын куруу — биздин алдыдагы жылдагы негизги долбоорубуздун бири«, — деди Тимурлан Ажымалиев. Ошондой эле ал Рыскул Боромбаевдин дайындалышы театрды өнүктүрүү үчүн жаңы дем берүүчү кадам болооруна ишенимин билдирди. Министрдин орун басары жаңы жетекчиге чыгармачылык пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Армян өкмөтү республикадагы Батышка ыктаган тараптардын Евробиримдикке кошулушун демилгелеген мыйзам долбоорун колдоду. Аны эми парламент карамакчы. Бул туурасында Sputnik Армения кабарлады. Былтыр 25-октябрда батыштык маанайдагы саясатчылардын, коомдук ишмерлердин башын бириктирген демилгечилер тобу 60 миң кол топтогон. "Өкмөт Армения Республикасынын "Армениянын Евробиримдикке кошулуу процессинин башталышы жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Өкмөттүн сунушу бекитилген тартипте Улуттук Жыйынга берилсин", — деп айтылган министрлер кабинетинин токтомунда. Документти ТИМдин башчысы Арарат Мирзоян алып келген. Министрдин айтымында, армяндар менен ЕБдин алакасы тездик менен ырааттуу өнүгүүдө. Евробиримдик Ереванга, тагыраагы, коопсуздук жаатында өлкөгө байкоочуларды жөнөткөн жана экономикалык өнүгүү боюнча жардамдашарын билдирген. Кеп аталган уюмдун армян-азербайжан чек арасына жиберилген миссиясы туурасында болгон.
Түндүк атлантикалык альянстын Россияны чектеп тизгиндөөгө чама-чаркы жетпей турат. Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты. Материалда мындай жыйынтык НАТОнун аскердик стратегдеринин бүтүмүнөн кийин чыкканы айтылат. Журналисттер альянс ичинде абадан коргонуу каражаттары, логистика, ок-дары жана корголгон байланыш каражаттары жаатында чоң тартыштык бар экенин жазышты. Эскерте кетсек, акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТОнун өтө эле активдешип кеткенин көп ирет айтты. Альянс улам кеңейип, муну "россиялык агрессияны тизгиндөө" деп атап келет. Москва альянстын Европада күчтөнүп жатканына тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Өлкө ТИМи Москва НАТО менен тең ата диалогго даяр экенин, мында Батыш континентти милитаризациялоо курсунан баш тартышы керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0