https://sputnik.kg/20250101/-vladimir-zelenskij-kural-zharak-korrupciya-atajyn-operaciya-1091211574.html
ЖМК: Зеленский аскердик жардамдын уурдалып, ысырап болушуна күнөөлүү
ЖМК: Зеленский аскердик жардамдын уурдалып, ысырап болушуна күнөөлүү
Sputnik Кыргызстан
Америкалык мурдагы офицер баары согуш токтоп, көз карандысыз тараптар иликтөө жүргүзгөн соң ачыкталарын белгилеген. 01.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-01T20:18+0600
2025-01-01T20:18+0600
2025-01-01T20:18+0600
дүйнөдө
украина
акш
россия
атайын операция
курал-жарак
коррупция
владимир зеленский
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091209474_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_0ee0ec360fe646bd936f637b76dc3612.jpg
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Америка берген аскердик жардамдардын коррупцияга кабылып, ысырап болушуна күнөөлүү. Бул тууралуу Американын The Hill гезитинин колумнисти, АКШнын Деңиз-аскердик күчтөрүнүн мурдагы офицери Жеймс Дюрсо айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Ал мындагы коррупциянын жана жардамды пайдалануудагы туура эмес аракеттердин баары согуш токтоп, көз карандысыз тараптар иликтөө жүргүзгөн соң ачыкталарын белгилеген."Зеленскийдин өкмөтү биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасын Украина кантип коротуп жатканынан шек санаган ЖМКлардын баарын басып турат. Бирок коркпогон көптөгөн украиналык журналисттер, офицерлер бардыгынын баасы жогорулатылгандыгы, сапатсыз жабдууларды алгандыгы жана жең ичинен кымырып алуу кандай деңгээлде болуп жатканы боюнча чууларды ачыкташты. Алар Россиянын диверсанттары деп аталуудан же болбосо фронтко жөнөтөт деп чочулашкан жок", — деп жазган автор.Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Жозеф Байден Киевге дээрлик 2,5 миллиард доллар каражат бөлүнгөнүн жарыялады. Анын 1,22 миллиарды жаңы курал-жарактарды сатып алуу планын камтыган Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин алкагында жумшалары айтылган.
https://sputnik.kg/20241231/tramp-uchurundagy-zelenskiyge-karalgan-zhalgyz-variant-1091182337.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091209474_575:0:3071:1872_1920x0_80_0_0_25d51311382158a1c3ba57c00ebeb988.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, курал-жарак, коррупция, владимир зеленский
дүйнөдө, украина, акш, россия, атайын операция, курал-жарак, коррупция, владимир зеленский
ЖМК: Зеленский аскердик жардамдын уурдалып, ысырап болушуна күнөөлүү
Америкалык мурдагы офицер баары согуш токтоп, көз карандысыз тараптар иликтөө жүргүзгөн соң ачыкталарын белгилеген.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Америка берген аскердик жардамдардын коррупцияга кабылып, ысырап болушуна күнөөлүү. Бул тууралуу Американын The Hill гезитинин колумнисти, АКШнын Деңиз-аскердик күчтөрүнүн мурдагы офицери Жеймс Дюрсо айтканын
РИА Новости агенттиги жазды.
"Американын уятсыздыгы АКШ ойлонбостон туруп НАТОнун чегин Россиянын чек арасына чейин чоюп алгандыгында. Москва каршы жооп бергенден кийин АКШ Зеленский өкмөтүнүн кара ниетинин ишке ашуусуна көмөктөшүп, аны каржылоого өттү. Бул Батыштын жардамын уурдап, ыксыз короткон окуя катары чоң мисал менен тарыхта калат", — деди Дюрсо.
Ал мындагы коррупциянын жана жардамды пайдалануудагы туура эмес аракеттердин баары согуш токтоп, көз карандысыз тараптар иликтөө жүргүзгөн соң ачыкталарын белгилеген.
"Зеленскийдин өкмөтү биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасын Украина кантип коротуп жатканынан шек санаган ЖМКлардын баарын басып турат. Бирок коркпогон көптөгөн украиналык журналисттер, офицерлер бардыгынын баасы жогорулатылгандыгы, сапатсыз жабдууларды алгандыгы жана жең ичинен кымырып алуу кандай деңгээлде болуп жатканы боюнча чууларды ачыкташты. Алар Россиянын диверсанттары деп аталуудан же болбосо фронтко жөнөтөт деп чочулашкан жок", — деп жазган автор.
Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Жозеф Байден Киевге дээрлик 2,5 миллиард доллар каражат бөлүнгөнүн жарыялады. Анын 1,22 миллиарды жаңы курал-жарактарды сатып алуу планын камтыган Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин алкагында жумшалары айтылган.
31 Бештин айы 2024, 11:31