https://sputnik.kg/20241231/tramp-uchurundagy-zelenskiyge-karalgan-zhalgyz-variant-1091182337.html
Германияда Трамптын учурунда Зеленскийге каралган жалгыз сценарийди айтышты
Германияда Трамптын учурунда Зеленскийге каралган жалгыз сценарийди айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийге жалгыз гана жолду — аймактан баш тартуу вариантын калтырып... 31.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-31T11:31+0600
2024-12-31T11:31+0600
2024-12-31T11:31+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
германия
владимир зеленский
атайын операция
россия
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091182739_641:325:3000:1652_1920x0_80_0_0_3adf24422d2336942d7c5f90e48d0828.jpg
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийге жалгыз гана жолду — аймактан баш тартуу вариантын калтырып, 2025-жылы Украинадагы кармашты аяктоо ниети бар. Бул туурасында РИА Новости Die Welt басылмасына таянып жазды.Басылманын жазганына караганда, Трамптын Европанын коргонууга чыгымдарын көбөйтүү талабы Вашингтондун Украинаны колдоону улантуусуна түздөн-түз байланыштуу болот, бирок азырынча Евробиримдик талап кылынган чараларды көрүүгө даяр турганын көрсөткөн жок."Аны менен катар эле Батыш альянсы Украинага берчү аскердик көмөгүн фундаменталдык өзгөрүүлөр реалдуу көрүнгөн деңгээлге чейин күчөтүүгө даяр экенин далилдей элек", — деп белгиленет анда.Декабрдын башында Reuters Трамптын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу планында Киевдин НАТОго мүчө болуудан жана Россиянын пайдасына аймактарынан баш тартуусу каралганын жазган.Жаңы шайланган президент Украина — Россия чатагын 24 саатта чечүүгө ниети бар экендигин айткан. Мындай билдирүүгө комментарий берген РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул согуш бир суткада чече салчу жөнөкөй маселе эместигин белгилеген.Буга чейин Financial Times Трамптын командасы европалык аткаминерлерге жаңы администрация НАТОнун мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын ИДПда беш пайызга чейин көбөйтүүгө талап кыларын жазган.Трамп альянстын ишине ичи чыкпагандыгын бир нече ирет билдирип, эгерде европалык өнөктөштөр өзүнүн коопсуздугу үчүн финансылык жоопкерчиликти албаса АКШ уюмдан чыгып кетет деп опуза кылган.
https://sputnik.kg/20241229/aksh-ukraina-askerdik-zhardam-1091152220.html
украина
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091182739_876:311:2834:1780_1920x0_80_0_0_3f903a14d0fc632fb787fb18e627b05b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, германия, владимир зеленский, атайын операция, россия
дүйнөдө, украина, германия, владимир зеленский, атайын операция, россия
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийге жалгыз гана жолду — аймактан баш тартуу вариантын калтырып, 2025-жылы Украинадагы кармашты аяктоо ниети бар. Бул туурасында
РИА Новости Die Welt басылмасына таянып жазды.
"Дональд Трамп 2025-жылы согушту аягына чыгарсам дейт... Бирок Украина аскерий жактан алып караганда алсыз болуп калды: жоокерлердин моралдык деми чөгүп, согуштан качкандардын саны улам арбууда. Президент Зеленский үчүн сүйлөшүүлөрдө Германия үчүн олуттуу кесепеттерге алып келчү бир гана сценарий калды", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын жазганына караганда, Трамптын Европанын коргонууга чыгымдарын көбөйтүү талабы Вашингтондун Украинаны колдоону улантуусуна түздөн-түз байланыштуу болот, бирок азырынча Евробиримдик талап кылынган чараларды көрүүгө даяр турганын көрсөткөн жок.
"Аны менен катар эле Батыш альянсы Украинага берчү аскердик көмөгүн фундаменталдык өзгөрүүлөр реалдуу көрүнгөн деңгээлге чейин күчөтүүгө даяр экенин далилдей элек", — деп белгиленет анда.
Декабрдын башында Reuters Трамптын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу планында Киевдин НАТОго мүчө болуудан жана Россиянын пайдасына аймактарынан баш тартуусу каралганын жазган.
Жаңы шайланган президент Украина — Россия чатагын 24 саатта чечүүгө ниети бар экендигин айткан. Мындай билдирүүгө комментарий берген РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул согуш бир суткада чече салчу жөнөкөй маселе эместигин белгилеген.
Буга чейин Financial Times Трамптын командасы европалык аткаминерлерге жаңы администрация НАТОнун мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын ИДПда беш пайызга чейин көбөйтүүгө талап кыларын жазган.
Трамп альянстын ишине ичи чыкпагандыгын бир нече ирет билдирип, эгерде европалык өнөктөштөр өзүнүн коопсуздугу үчүн финансылык жоопкерчиликти албаса АКШ уюмдан чыгып кетет деп опуза кылган.
29 Бештин айы 2024, 18:25