00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Лазер в медицине: уролог о мифах, рисках и реальных плюсах современных процедур
14:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мөмөлүү бактарга күзүндө-кышында кандай кам көрүү керек?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Самые интересные туристические места Кыргызстана – куда поехать зимой и что взять с собой в горы
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
2026-жыл: жаңы жылды кандай кийим менен тосуу ийгилик алып келет?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Туяк
Миграция в ЕАЭС: итоги 2025 года, новые правила и социальные гарантии
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кичинесинен билимге жакын,турмушка тетик Бектемир Мурзубраимов
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөмөлүү бактарга күзүндө-кышында кандай кам көрүү керек?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Магдебургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтты.“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада. Кечээ Магдебургдун борборундагы рождестволук жарманкеде жолтандабас топтолуп турган адамдарды коюп кеткен. Соңку маалыматтарга караганда, төрт адам каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алган.
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды. Жакында эле Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал жана добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алган. Жапаров резолюцияга Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани жооп берип койгонун белгиледи. Кыргызстандын ТИМи Европа парламентинин резолюция кабыл алышын республиканын укук коргоо жана сот органдарына одоно басым жасоо аракети деп сыпаттаган.Мындан тышкары, Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик департаментине кайрылды. Ал Батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМКлар чоң суммадагы каражаттарды алышып, өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө "кооз" отчётторду берип жатышканын айтты. Президент иш жүзүнө келгенде алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешерин белгиледи.
Өлкөдө кургак учуктун жайылышын алдын алуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Мындай демилгени Саламаттык сактоо министрлиги көтөргөн. Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы №758 токтомуна ылайык, кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга тыюу салынган жумуштардын тизмеси бекитилди.Бул тизмеде кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында белгилүү жумуштарда иштөөгө чектөөлөр киргизилген. Тыюу салынган жумуштардын тизмесине тамак-аш өндүрүшү жана коомдук тамактануу чөйрөсү, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматкерлери,тамак-аш жеткирүү кызматтары; хирургиялык жана медициналык мекемелердин айрым бөлүмдөрү; билим берүү жана тарбиялоо мекемелери; дарыканалар жана фармацевтикалык ишканалар; жеке жана мамлекеттик мончолор, бассейндер, мейманканалар, жатаканалар; чачтарачтар, сулуулук салондору, косметологиялык кызмат көрсөтүү жайлары; спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору суу түтүк курулмалары жана суу менен камсыздоо ишканалары кирди.
Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды.РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0