Кургак учуктун жайылышына жол бербөө үчүн жаңы эрежелер бекитилди
Жазылуу
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өлкөдө кургак учуктун жайылышын алдын алуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Мындай демилгени Саламаттыкты сактоо министрлиги көтөргөн.
Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы №758 токтомуна ылайык, кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга тыюу салынган жумуштардын тизмеси бекитилди.
Бул тизмеде кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында белгилүү жумуштарда иштөөгө чектөөлөр киргизилген.
Тыюу салынган жумуштардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
Тамак-аш өндүрүшү жана коомдук тамактануу чөйрөсү (ашканалар, ресторандар, кафе, тамак-аш азыктарын сактоо жана ташуу иштери);
Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматкерлери (поезддердин жолшериктери, авиакомпаниялардын жана кемелердин борт коштоочулары);
Тамак-аш жеткирүү кызматтары;
Хирургиялык жана медициналык мекемелердин айрым бөлүмдөрү (операциялык блоктор, стоматология, төрөт үйлөрү, балдар ооруканалары);
Билим берүү жана тарбия мекемелери (мектептер, бала бакчалар, спорттук жана ден соолукту чыңдоо борборлору);
Дарыканалар жана фармацевтикалык ишканалар;
Жеке жана мамлекеттик мончолор, бассейндер, мейманканалар, жатаканалар;
Чач тарачтар, сулуулук салондору, косметологиялык кызмат көрсөтүү жайлары;
Спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору (фитнес клубдар, спорт залдар);
Суу түтүк курулмалары жана суу менен камсыздоо ишканалары.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу экенин белгилеп, Кыргызстан кургак учуктун көп дарыга туруктуу (КДТ-КУ) түрү жайылган 30 өлкөнүн катарына кирерин билдирген.