https://sputnik.kg/20241220/tramp-evrobirimdik-tarif-korkuttu-1090967843.html
Трамп Евробиримдикти кошумча тарифтер менен опузалады
Трамп Евробиримдикти кошумча тарифтер менен опузалады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул... 20.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-20T14:56+0600
2024-12-20T14:56+0600
2024-12-20T14:56+0600
акш
дүйнөдө
саясат
дональд трамп
европа биримдиги
энергетика
ресурс
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/14/1090967535_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f9a640a93c7e9a261d417fe302e40a27.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды. РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган. Мындан тышкары, кызматка киришкенден кийин, 20-январдан тарта, Мексика менен Канададан келген бардык товарларга 25 пайыздык тарифтерди киргизүү боюнча жарлыкка кол кое турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20241217/tynchtyk-koopsuzduk-donald-tramp-1090871031.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/14/1090967535_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_21b23cca0f02831f9e40897c95d823dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, дүйнөдө, саясат, дональд трамп, европа биримдиги, энергетика, ресурс
акш, дүйнөдө, саясат, дональд трамп, европа биримдиги, энергетика, ресурс
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти
Truth социалдык тармагына жазды.
"Мен Евробиримдикке АКШ менен болгон мамиледеги чоң кемчилигин биздин мунай менен газды сатып алып толуктай турганын айттым. Болбосо туруктуу алым каралат", — деди АКШнын жаңы шайланган президенти.
РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.
Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган. Мындан тышкары, кызматка киришкенден кийин, 20-январдан тарта, Мексика менен Канададан келген бардык товарларга 25 пайыздык тарифтерди киргизүү боюнча жарлыкка кол кое турганын билдирген.