https://sputnik.kg/20241219/siriya-okuya-putin-1090945357.html
Путин: Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес
Путин: Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Владимир Путин Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес экенин белгиледи. 19.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-19T17:49+0600
2024-12-19T17:49+0600
2024-12-19T17:49+0600
дүйнөдө
саясат
сирия
владимир путин
абал
россия
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090945034_0:143:3072:1871_1920x0_80_0_0_d598225160e75162a913281dec47ea49.jpg
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Владимир Путин Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес экенин белгиледи.Ал белгилегендей, кээ бир адамдар Сириядагы окуяларды "Россия үчүн жеңилүү" катары көрсөтүүнү каалап жатат.Путин Алеппону 30 миң адам коргоп, шаарга 350 согушкер киргенин айтты."Өкмөттүк аскерлер жана иранчыл деп аталган бөлүктөр согушсуз артка чегинип, позицияларын жардырып жиберишкен. Ушундай эле нерсе Сириянын дээрлик бардык аймагында болду", — деди россиялык лидер.Андан кийин Россия Хмеймимден Тегеранга төрт миң ирандык согушчуну алып кеткен. Ал эми иранчылдардын айрым бөлүгү Ливан менен Иракка кеткен."Бүгүнкү күндө Сириядагы абал жакшы эмес. Жакында ал жерге тынчтык жана бейпилдик орнойт деп үмүттөнөбүз. Биз кырдаалды көзөмөлдөгөн бардык топтор менен жана чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр менен мамилебизди сактайбыз, алардын басымдуу бөлүгү Сирияда биздин аскердик базаларыбыздын калышына кызыкдар экенин айтышууда. Биз бул боюнча ойлонуп көрүшүбүз керек", — деди Путин.Ал орус тарап өнөктөштөрүнө гуманитардык жүктөрдү жеткирүү үчүн эки базаны тең колдонууну сунуштаганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20241219/vladimir-putin-donald-tramp--zholugushuu-1090941763.html
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090945034_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_c20e79f319c7eefb04721610c74d77ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, саясат, сирия, владимир путин, абал, россия
дүйнөдө, саясат, сирия, владимир путин, абал, россия
Путин: Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Владимир Путин Сирияда болуп жаткан окуялар Россия үчүн жеңилүү эмес экенин белгиледи.
Ал белгилегендей, кээ бир адамдар Сириядагы окуяларды "Россия үчүн жеңилүү" катары көрсөтүүнү каалап жатат.
"Биз Сирияга 10 жыл мурда Афганстандагыдай террордук анклав түзүлбөсүн деп барганбыз. Жалпы жонунан максатыбызга жеттик. Жадагалса мурда өкмөттүк күчтөр менен согушкан топтор да өзгөрүүгө дуушар болду. АКШ жана Европа мамлекеттери бекеринен алар менен мамиле түзгүлөрү келип жаткан жок. Эгер алар террордук уюмдар болсо, анда эмне үчүн ал жакка барып жатышат? Демек алар өзгөрдү да, же андай эмеспи? Биздин пландар кайсы бир деңгээлде өз максатына жетти. Сирияда биздин кургактагы аскердик күчтөрүбүз болгон жок, эки эле базабыз бар болчу. Кургакта Сириянын куралдуу күчтөрү жана ирандык күчтөр болду", — деген Путин.
Путин Алеппону 30 миң адам коргоп, шаарга 350 согушкер киргенин айтты.
"Өкмөттүк аскерлер жана иранчыл деп аталган бөлүктөр согушсуз артка чегинип, позицияларын жардырып жиберишкен. Ушундай эле нерсе Сириянын дээрлик бардык аймагында болду", — деди россиялык лидер.
Андан кийин Россия Хмеймимден Тегеранга төрт миң ирандык согушчуну алып кеткен. Ал эми иранчылдардын айрым бөлүгү Ливан менен Иракка кеткен.
"Бүгүнкү күндө Сириядагы абал жакшы эмес. Жакында ал жерге тынчтык жана бейпилдик орнойт деп үмүттөнөбүз. Биз кырдаалды көзөмөлдөгөн бардык топтор менен жана чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр менен мамилебизди сактайбыз, алардын басымдуу бөлүгү Сирияда биздин аскердик базаларыбыздын калышына кызыкдар экенин айтышууда. Биз бул боюнча ойлонуп көрүшүбүз керек", — деди Путин.
Ал орус тарап өнөктөштөрүнө гуманитардык жүктөрдү жеткирүү үчүн эки базаны тең колдонууну сунуштаганын кошумчалады.