https://sputnik.kg/20241216/1090862025.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүрсүгүнү дагы берилет. Президент 549 бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырдыКыргызстандыктар Россиянын кайсы продукциясына кызыгарын РЭБ өкүлү айтып... 16.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-16T17:00+0600
2024-12-16T17:00+0600
2024-12-16T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090861893_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_672a1edf45f0f6e3b8c473cc15365a24.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүрсүгүнү дагы берилет. Президент 549 бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырдыКыргызстандыктар Россиянын кайсы продукциясына кызыгарын РЭБ өкүлү айтып бердиСоциалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн кыргызстандыктар көбөйдүалдыда кененирээкТурак жай алуу үчүн кезекте 40 миңден ашуун киши турганын президент Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлердин ачкысын ээлерине тапшырып жатып билдирди. Мамлекет башчы учурда Кыргызстан боюнча жалпы 40 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады. "Келип түшкөн арыздардын негизинде азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталган. Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы!" — деди өлкө башчы. Ошондой эле ал турак жай көйгөйүн чечүү үчүн көрүлгөн аракеттерди тизмектеп, мамлекет бөлгөн каражаттын эсебинен жалпы 549 батир ээлерине тапшырылып жатканын белгиледи.
Акыркы эки айда Соцфондго дагы 55 миң адам кошумча төлөмдөрүн көбөйттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин төрагасы Бахтияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлгөндөн кийин, ошондой эле Салык кызматынын кызматкерлери карызын төлөбөгөндөрдү көмүскөдөн алып чыккандан кийин болгон. Бахтияр Алиев калктын айлык акысынын жогорулашына байланыштуу 2024-жылы Социалдык фондго көбүрөөк акча чогултулганын билдирди. Алсак, Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд 863 млн 864,7 миң сом суммасында кирешелердин негизинде түзүлдү, бул бекитилген бюджеттен 3 млрд 881 млн 409,8 миң сомго көп.
Жалал-Абадда М.М. аттуу кишинин 60 жолу бычак сайылган сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-декабрда сузактык 27 жаштагы К.М. аттуу келин 32 жаштагы жолдошуу 21-ноябрдан бери дыйынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган."13-декабрда Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын таштанды төккөн жайынан өрттөлүп, кездемеге оролуп ыргытылган сөөк табылган. Келин каза болгон адам анын жолдошу экенин кийимдеринен тааныган. Сөөктү кароо учурунда анын алтымыш жерине учтуу нерсе менен сайылганы, кескиленген жаракаттары аныкталган", — деп айтылат маалыматта. 14-декабрда кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 18 жаштагы Д.Х. жана 20 жаштагы М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.
Россия экспорттук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде кыргызстандыктар кайсы тармактардагы орус продукцияларына кызыкдар экенин айтып берди. Ал кыргызстандыктарды металлургия, машина куруу, химиялык өнөр жай азык-түлүк, тамак-аш, токой өнөр жай комплекси жана башка тармактар кызыктырарын белгиледи."Кыргызстанда курулуштун өсүшү байкалууда. Мисалы, Бишкек активдүү өнүгүп жатат. Ушуга байланыштуу РЭБ аркылуу металлопрокат экспортчуларынын саны өсүп жатат. Мындан тышкары, бир металлургиялык комбинат менен биргеликте кооптуу аймактар үчүн атайын иштелип чыккан продукцияны илгерилетүүдөбүз. Бул курулуштун өздүк наркына таасир этпейт, бирок курулуштун коопсуздугун кыйла жогорулатат," — деди Буюклянов.
Бүрсүгүнү дагы берилет. Президент 549 бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырдыКыргызстандыктар Россиянын кайсы продукциясына кызыгарын РЭБ өкүлү айтып бердиСоциалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн кыргызстандыктар көбөйдүалдыда кененирээкТурак жай алуу үчүн кезекте 40 миңден ашуун киши турганын президент Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлердин ачкысын ээлерине тапшырып жатып билдирди. Мамлекет башчы учурда Кыргызстан боюнча жалпы 40 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады. "Келип түшкөн арыздардын негизинде азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталган. Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы!" — деди өлкө башчы. Ошондой эле ал турак жай көйгөйүн чечүү үчүн көрүлгөн аракеттерди тизмектеп, мамлекет бөлгөн каражаттын эсебинен жалпы 549 батир ээлерине тапшырылып жатканын белгиледи.Акыркы эки айда Соцфондго дагы 55 миң адам кошумча төлөмдөрүн көбөйттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин төрагасы Бахтияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлгөндөн кийин, ошондой эле Салык кызматынын кызматкерлери карызын төлөбөгөндөрдү көмүскөдөн алып чыккандан кийин болгон. Бахтияр Алиев калктын айлык акысынын жогорулашына байланыштуу 2024-жылы Социалдык фондго көбүрөөк акча чогултулганын билдирди. Алсак, Социалдык фонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд 863 млн 864,7 миң сом суммасында кирешелердин негизинде түзүлдү, бул бекитилген бюджеттен 3 млрд 881 млн 409,8 миң сомго көп.Жалал-Абадда М.М. аттуу кишинин 60 жолу бычак сайылган сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-декабрда сузактык 27 жаштагы К.М. аттуу келин 32 жаштагы жолдошуу 21-ноябрдан бери дыйынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган."13-декабрда Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын таштанды төккөн жайынан өрттөлүп, кездемеге оролуп ыргытылган сөөк табылган. Келин каза болгон адам анын жолдошу экенин кийимдеринен тааныган. Сөөктү кароо учурунда анын алтымыш жерине учтуу нерсе менен сайылганы, кескиленген жаракаттары аныкталган", — деп айтылат маалыматта. 14-декабрда кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 18 жаштагы Д.Х. жана 20 жаштагы М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган. Россия экспорттук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ишхан Буюклянов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде кыргызстандыктар кайсы тармактардагы орус продукцияларына кызыкдар экенин айтып берди. Ал кыргызстандыктарды металлургия, машина куруу, химиялык өнөр жай азык-түлүк, тамак-аш, токой өнөр жай комплекси жана башка тармактар кызыктырарын белгиледи."Кыргызстанда курулуштун өсүшү байкалууда. Мисалы, Бишкек активдүү өнүгүп жатат. Ушуга байланыштуу РЭБ аркылуу металлопрокат экспортчуларынын саны өсүп жатат. Мындан тышкары, бир металлургиялык комбинат менен биргеликте кооптуу аймактар үчүн атайын иштелип чыккан продукцияны илгерилетүүдөбүз. Бул курулуштун өздүк наркына таасир этпейт, бирок курулуштун коопсуздугун кыйла жогорулатат," — деди Буюклянов.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090861893_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7bdfe63d7f77b4cfa2426c052c5c0ac7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио