https://sputnik.kg/20241216/1090849366.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болорун айттыРоссия менен келишебиз. Германия АКШнын НАТОдон чыгышы тууралуу пикирин... 16.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-16T11:00+0600
2024-12-16T11:00+0600
2024-12-16T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090849234_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7b4693b17a9723ef484a220b071cdaf5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болорун айттыРоссия менен келишебиз. Германия АКШнын НАТОдон чыгышы тууралуу пикирин билдирдиАкылбек Жапаров кызматынан бошотулду. Алдыда кененирээкАкылбек Жапаров кызматынан бошотулду. Маалыматка ылайык, бул милдет азырынча биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиевге жүктөлдү. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматын 2021-жылдын октябрынан бери ээлеп келген. 64 жаштагы Касымалиев минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болуп келген. Ал финансы, экономика министри кызматтарын аркалаган. 1984-жылы Ленинград каржы-экономикалык институтун "Экономист" адистиги боюнча аяктаган.
Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот деген эреже кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жазды. Анын айтымында, бул эреже сентябрь айынан тарта күчүнө кирген. "Сентябрь айынан тарта жаңы эрежелер киргизилди. Алардын негизинде көп кабаттуу үйлөрдө "1 батирге 1 автоунаа токтотуучу жай" принциби милдеттүү болуп калды. Эгерде курулуп жаткан үйдө бул талап аткарылбаса, анда курулушка жол берилбейт. Мындан тышкары, беш кабаттан жогору болгон үйлөрдүн жер төлөсүндө атайын автокөлүк токтотуучу жай сөзсүз болушу керек", — деп жазган Орунтаев. Ошондой эле курулуш компанияларына унаа-лифт сыяктуу автоунаа токтотуучу жайларды болушунча үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берилери кошумчаланды.
Бишкекте окуучулар арасында "Орус элдик ырлары" аттуу сынак өткөнүн "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти. Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштүгү менен өткөрүлгөн. Конкурстун максаты окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү, ошондой эле орус маданий мурасын жана музыкалык өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу болду. Ыр жарышка Кыргызстан боюнча окуучулардан 130дан ашык өтүнмө келип түшкөн.Балдардын талантын курамында Кыргыз эл артисттери жана эмгек сиңирген маданият ишмерлери: Айчүрөк Иманалиева, Жамиля Муратова жана Турусбек Жумалиев кирген калыстар тобу баалаган.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп НАТОдон чыгууну чечсе, Россия менен Европа мамлекеттери өздөрүнүн коопсуздук архитектурасын Американы катыштырбастан түзө алышат. Бул тууралуу Германиянын Конституция жана суверенитет кеңешинин башчысы Ральф Нимайер РИА Новостиге билдирген. Ал Трамп НАТОну бир нече жолу сынга алганын эске салды. АКШнын жаңы шайланган президенти уюм коргонууга көбүрөөк каражат сарптабаса Вашингтон альянстан чыгууну ойлоно турганын айткан. "Урматтуу президент, биз сизден акча сурап жаткан жокпуз. Эгер кааласаңыз чыга бериңиз. Биз коопсуздукту өзүбүз эле уюштурабыз, атургай кайсы бир учурда жалпы коопсуздук саясаты болсун деп орустар менен да сүйлөшүүгө өтө алабыз", — деген саясатчы АКШнын НАТОдон чыгышына Европанын мүмкүн болгон жообу тууралуу пикирин айтып жатып. Агенттиктин маектешинин пикиринде, 1990-жылдардагы Россия — НАТО келишимдеринин түпкү идеясы жалпы коопсуздук саясатын түзүү болгон, бирок кийинчерээк бул саясат жокко чыгарылган.Ал Америка НАТОдон чыгууну кааласа европалыктар Россия менен эки жакка тең пайдалуу болгудай коопсуздук жаатында келишим түзө аларын айткан.
Орунтаев көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болорун айттыРоссия менен келишебиз. Германия АКШнын НАТОдон чыгышы тууралуу пикирин билдирдиАкылбек Жапаров кызматынан бошотулду. Алдыда кененирээкАкылбек Жапаров кызматынан бошотулду. Маалыматка ылайык, бул милдет азырынча биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиевге жүктөлдү. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматын 2021-жылдын октябрынан бери ээлеп келген. 64 жаштагы Касымалиев минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болуп келген. Ал финансы, экономика министри кызматтарын аркалаган. 1984-жылы Ленинград каржы-экономикалык институтун "Экономист" адистиги боюнча аяктаган.Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бирден автоунаа токтотуучу орун болот деген эреже кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жазды. Анын айтымында, бул эреже сентябрь айынан тарта күчүнө кирген. "Сентябрь айынан тарта жаңы эрежелер киргизилди. Алардын негизинде көп кабаттуу үйлөрдө "1 батирге 1 автоунаа токтотуучу жай" принциби милдеттүү болуп калды. Эгерде курулуп жаткан үйдө бул талап аткарылбаса, анда курулушка жол берилбейт. Мындан тышкары, беш кабаттан жогору болгон үйлөрдүн жер төлөсүндө атайын автокөлүк токтотуучу жай сөзсүз болушу керек", — деп жазган Орунтаев. Ошондой эле курулуш компанияларына унаа-лифт сыяктуу автоунаа токтотуучу жайларды болушунча үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берилери кошумчаланды.Бишкекте окуучулар арасында "Орус элдик ырлары" аттуу сынак өткөнүн "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти. Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштүгү менен өткөрүлгөн. Конкурстун максаты окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү, ошондой эле орус маданий мурасын жана музыкалык өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу болду. Ыр жарышка Кыргызстан боюнча окуучулардан 130дан ашык өтүнмө келип түшкөн.Балдардын талантын курамында Кыргыз эл артисттери жана эмгек сиңирген маданият ишмерлери: Айчүрөк Иманалиева, Жамиля Муратова жана Турусбек Жумалиев кирген калыстар тобу баалаган.АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп НАТОдон чыгууну чечсе, Россия менен Европа мамлекеттери өздөрүнүн коопсуздук архитектурасын Американы катыштырбастан түзө алышат. Бул тууралуу Германиянын Конституция жана суверенитет кеңешинин башчысы Ральф Нимайер РИА Новостиге билдирген. Ал Трамп НАТОну бир нече жолу сынга алганын эске салды. АКШнын жаңы шайланган президенти уюм коргонууга көбүрөөк каражат сарптабаса Вашингтон альянстан чыгууну ойлоно турганын айткан. "Урматтуу президент, биз сизден акча сурап жаткан жокпуз. Эгер кааласаңыз чыга бериңиз. Биз коопсуздукту өзүбүз эле уюштурабыз, атургай кайсы бир учурда жалпы коопсуздук саясаты болсун деп орустар менен да сүйлөшүүгө өтө алабыз", — деген саясатчы АКШнын НАТОдон чыгышына Европанын мүмкүн болгон жообу тууралуу пикирин айтып жатып. Агенттиктин маектешинин пикиринде, 1990-жылдардагы Россия — НАТО келишимдеринин түпкү идеясы жалпы коопсуздук саясатын түзүү болгон, бирок кийинчерээк бул саясат жокко чыгарылган.Ал Америка НАТОдон чыгууну кааласа европалыктар Россия менен эки жакка тең пайдалуу болгудай коопсуздук жаатында келишим түзө аларын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090849234_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_14807904f795e341b5fbca06679a0ed5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио