Садыр Жапаров жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди
23:47 14.12.2024 (Жаңыртылды: 23:59 14.12.2024)
Жазылуу
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, электр энергиясы менен газ тартыштыгы боюнча суроолорго жооп берди.
Өлкө башчынын кебинин урунтуу учурлары:
2020-жылы биз бийликке келгенде кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясына тартыштык бар болчу. Эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энергетика булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз. Чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар да ишке кирип, керектөө өстү;
электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Элибиз да кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы;
30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз;
2025-2026-жылдарга жалпы 3 ГВт электр энергиясын өндүрүү үчүн инвесторлор менен иштеп, келишимдерге кол коюлду. Токтогул суу сактагычынын үстүнө сүзүп жүрүүчү 1200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлуп, иштер жакынкы күндөрдө башталат;
электр энергиясынан сырткары элибиз колдонуп келе жаткан жаратылыш газдын дагы бүгүнкү күндө жетишсиздиги байкалууда. Себеби быйылкы жылы беш жаңы конушту газдаштырдык. Ошондой эле газ маселеси кошуна өлкөлөрдө дагы жетишсиз болуп Кыргызстанга алардын аймагынан келген газ түтүктөрүндө басым азайып жатат.