00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Транспортный налог, туризм в Караколе и угрозы вируса — что обсуждали на этой неделе?
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
“Асман аба жолдору” мамлекеттик ишканасынын учагы Бишкектен Каракол шаарына техникалык рейс жасады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, "Каракол" эл аралык аэропорту реконструкцияланып, расмий ачылышына даярдык иштери аяктады. "Аэропорт 10-декабрда ачылат. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышат", — деп жазылат маалыматта. Аба майдандын учуп-конуу тилкеси узартылып, жаңы аэровокзал комплекси салынган. Объект саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө алат. Аэропорттун жалпы аянты 8 миң чарчы метрди түзөт.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ирандын Кыргыз элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Мекемеден маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун негизги маселелерин талкуулашты. өзгөчө көңүл кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин ачуу маселесине бурулду. Бул кеңсе Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу секторлоруна ирандык инвестицияларды тартуунун маанилүү куралы болмокчу. Жолугушуунун соңунда министр конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Ал эми “Арал” постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргызавтожол-Түштүк жана Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканалары тарабынан жолго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.
Айрым маалыматтарга караганда, Сириянын президенти Башар Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганын РИА Новости жазды. Анда борт учкандан кийин 40 мүнөттөн соң Хомс шаарынан алыс эмес жерде, деңиз деңгээлинен 495 метр бийиктикте жоголгону айтылат. Флайтрадар24 кызматынын маалыматы боюнча, учактан азыркыга чейин кабар жок. Reuters Асад өлкөдөгү абалдан соң Дамаск шаарын таштап белгисиз тарапка учуп кеткендигин жазган. Кийинчерээк агенттиктин маалымат булагы учак атып түшүрүлүп, ичиндеги Асад каза болшу мүмкүндүгүн айткан. Буга чейин Сириянын премьер-министри президент менен кечээ байланышканын, ал азыр кайда экенин билбей тургандыгын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0