https://sputnik.kg/20241207/kyrgyzstan-zhol-kurulush-taymuras-tashiyev-1090661868.html
Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол долбоорунан чыкканын жарыялады
Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол долбоорунан чыкканын жарыялады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол куруу долбоорунан толугу менен чыкканын жарыялады. Бул туурасында ал "Регион ТВ" каналына маек... 07.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-07T12:31+0600
2024-12-07T12:31+0600
2024-12-07T12:31+0600
кыргызстан
ош
өзгөн жолу
таймурас ташиев
жол
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090657137_0:133:2560:1573_1920x0_80_0_0_7aa4ea5bf6e471f5e3967801d401378d.jpg
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол куруу долбоорунан толугу менен чыкканын жарыялады. Бул туурасында ал "Регион ТВ" каналына маек берип жатканда билдирген.Анын айтымында, атасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик каражаттар уурдалып жатканына ишарат жасаган блогердик видеоматериалдардан кийин, долбоордон чыгууну сунуштаган.Ал жол куруу үчүн акча кайдан алынгандыгы боюнча берилген суроого үй-бүлөсү 20 жыл мурда алган заводду кайра сатып жана ага кошумча насыя алгандыктарын айткан.Таймурас Ташиев трасса өзүн 15-20 жылда актаарын кошумчалаган. Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү Өзгөн айланма жолун ачууга кечээ президент Садыр Жапаров катышты. Мурдараак трассаны куруп жаткан менчик компаниянын артында Ташиевдин уулу Таймурас турары айтылган. Мамлекет башчы муну тастыктап "Таймураска ырахмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келгенине ыраазы болушубуз керек" деп жооп кылган.
https://sputnik.kg/20241129/kyrgyzstan-osh-aylanma-zhol-kurulush-1090497232.html
ош
өзгөн жолу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090657137_143:0:2418:1706_1920x0_80_0_0_d6f9fc43a69d0b845055f75bbb13ec17.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, өзгөн жолу, таймурас ташиев, жол
кыргызстан, ош, өзгөн жолу, таймурас ташиев, жол
Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол долбоорунан чыкканын жарыялады
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Таймурас Ташиев Өзгөн айланма жол куруу долбоорунан толугу менен чыкканын жарыялады. Бул туурасында ал "Регион ТВ" каналына маек берип жатканда билдирген.
Анын айтымында, атасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик каражаттар уурдалып жатканына ишарат жасаган блогердик видеоматериалдардан кийин, долбоордон чыгууну сунуштаган.
"Атам мага балам, силер жакшылык кылып жатсаңар, аны көрө албагандар мамлекеттен акча уурдагандай мааниде көрсөтүп жаткандыктан улам бул долбоордон чык деди. Чыгып кеттим, азыр үй-бүлөбүздүн буга эч кандай тиешеси жок", — деген Ташиев.
Ал жол куруу үчүн акча кайдан алынгандыгы боюнча берилген суроого үй-бүлөсү 20 жыл мурда алган заводду кайра сатып жана ага кошумча насыя алгандыктарын айткан.
Таймурас Ташиев трасса өзүн 15-20 жылда актаарын кошумчалаган.
Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү Өзгөн айланма жолун ачууга кечээ президент Садыр Жапаров
катышты. Мурдараак трассаны куруп жаткан менчик компаниянын артында Ташиевдин уулу Таймурас турары айтылган. Мамлекет башчы муну тастыктап "Таймураска ырахмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келгенине
ыраазы болушубуз керек" деп жооп кылган.
29 Жетинин айы 2024, 14:29