https://sputnik.kg/20241129/kyrgyzstan-osh-aylanma-zhol-kurulush-1090497232.html
Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнө турган Өзгөн айланма жолу жасалып бүттү. Видео
Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнө турган Өзгөн айланма жолу жасалып бүттү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү, жакында ачылат. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 29.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-29T14:29+0600
2024-11-29T14:29+0600
2024-11-29T14:30+0600
кыргызстан
ош
айланма жол
көпүрө
курулуш
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1a/1089778819_0:120:2304:1416_1920x0_80_0_0_f839a75b1ec51cbe2778d3eb9b1f44db.jpg
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү, жакында ачылат. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган жолду ачууга даярдыктарды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев көрүп чыккан.Белгилей кетсек, бул жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Бийлик бул айланма жол ачылгандан кийин Бишкек — Ош трассасында тыгын азаярын, айдоочулар Өзгөнгө кирбей эле түз өтүп кетип каларын билдирди.Буга чейин Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас тапканын билдирген.
https://sputnik.kg/20241025/kyrgyzstan-talantbek-soltobayev-zhol-1089740646.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1a/1089778819_128:0:2176:1536_1920x0_80_0_0_21ba79cec86b369805c8b05f1a45ad4e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, айланма жол, көпүрө, курулуш, видео
кыргызстан, ош, айланма жол, көпүрө, курулуш, видео
Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнө турган Өзгөн айланма жолу жасалып бүттү. Видео
14:29 29.11.2024 (Жаңыртылды: 14:30 29.11.2024) БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү, жакында ачылат. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолду ачууга даярдыктарды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев көрүп чыккан.
"Аталган жолдун узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктады. Учурда жолдун четине коопсуз тосмолорду орнотуу жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Бийлик бул айланма жол ачылгандан кийин Бишкек — Ош трассасында тыгын азаярын, айдоочулар Өзгөнгө кирбей эле түз өтүп кетип каларын билдирди.
Буга чейин Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас
тапканын билдирген.
25 Тогуздун айы 2024, 12:01