00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Транспортный налог, туризм в Караколе и угрозы вируса — что обсуждали на этой неделе?
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Салык кызматынын төрагасы УКМКга сурак берип, орун басары камалды.Лавров Россия АКШ менен согушууну каалабай тургандыгын айттыПрезидент Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчини алмаштырдыалдыда кененирээкАбдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Кабарда тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылган. Жумабаев бул кызматты 2019-жылдан бери ээлеп келген.
Сот залында мойнун тилип жиберген ишкер Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ал Биринчи май райондук сотунан Клиникалык ооруканага жеткирилген. "Дарыгерлердин кароосунан кийин бейтаптын жарааты жеңил экени аныкталды. Кан тамырлары жабыркаган эмес. Ага алгачкы жардам көрсөтүлдү. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин УКМК Имамидин Ташов убактылуу кармоочу жайында коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ичин кескилегенин билдирген. Анда Ташов кыйноого дуушар болгонун айтып, атайын кызмат анысын төгүндөгөн. Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен 22-апрелде кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалган.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди. Ошондой эле бул иштин алкагында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак бергени кошумчаланды. Буга чейин УКМК кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шек санап төрт салыкчыны колго түшүргөн. Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте салыкчылар коррупциялык схема түзгөнүн айтып, түйүндүн учугу жетекчилерине жетиши кытымал экенин белгилеген.
Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айылдардын аталыштарын массалык түрдө өзгөртүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактарга жазды. “Тарыхый топонимиканы сактоо – бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн жана көп улуттуу мурасыбыздын ажырагыс бөлүгү, аны биз келечек муундар үчүн сактап калууга милдеттүүбүз”, — деди Байсалов. Буга чейин депутат Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында 2025-жылы Чүй облусунун аймагындагы бардык айыл-кыштактардын орусча аталыштарын өзгөртүүнү министрлер кабинетине сунуштаган.
Россия АКШ менен согушууну ойлонгон жок, мындай тирешүүгө өзөктүк курал аралашып кетиши толук мүмкүн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго маек куруп жатып айткан. Интервью РФ ТИМинин сайтына жарыяланды. "Биз АКШ менен согушуу тууралуу ойлонгон жокпуз. Аскердик доктринабыздын тамырында өзөктүк согушту болтурбоо максаты жатат. Бирок эки өлкө ачыкка чыгып согушпаганы менен айрымдар Украинада болуп жаткан нерсени гибриддик согуш деп баалашууда. Мен да ушундай пикирдемин. Украиналыктар америкалык аскерлердин түз жардамысыз ыраакка атылуучу курал-жаракты колдоно алмак эмес. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Кырдаалды курчуталы деген да ниетибиз жок. Бирок Россиянын аймагына ATACMS баштаган техника менен сокку урулуп жаткандан кийин биз да белги берип жатабыз. "Орешник" системасы баарын ынандырды деп ойлойм", — деген Лавров.
Жаңылыктар түрмөгү
0