00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде апрель айына чейин мамлекеттик жаңы гим кабыл алынышы керектигин айтты. Тагыраагы, төрага аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген. Аталган маселе боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышкан. Жолугушууда азыркы гимндин текстине жана обонуна байланыштуу түрдүү пикирлер көтөрүлүп, кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине толук окшош деген пикирлер айтылган. "Мындан сырткары, коомчулукта гимн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча да сын пикирлер бар экени айтылды. Андыктан, эгемендүүлүгүбүздүн эң негизги символдорунун бири саналган гимн жаңы багытта, жаңы көз карашта жазылышы керектиги белгиленди", — деп жазылган парламенттин маалыматында.
Ата-энесин кароосуз калтыргандар жоопко тартыла турган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алган. "Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан", — деп жазылган анда.муктаж ата-энесин багууга каражат төлөбөгөн эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарына карата жоопкерчилик күчөтүлөт; эгерде каражат төлөнбөгөн мөөнөт 12 айдан ашпаса 20-50 миң сомго чейин айып салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартылат;
Билим берүү министрлиги бюджеттик негизде окуган жаш кадрларды жумушка бөлүштүрүү жобосун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, экзамен тапшырып диплом жактаган бүтүрүүчүлөр кадр тартыш аймактарга атайын комиссиянын чечими менен жөнөтүлөт. Алар үч жылга чейин жаш кадр катары эсептелип, жумуш менен камсыздалары белгиленген. Ошол эле учурда жыл сайын окуу жайды аяктаган 5 000ден ашык педагогдун 2 000ге жакыны бюджеттик жана гранттык негизде билим алары белгиленген. Ушуга байланыштуу гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүүнү жөнгө салган жобо иштелип чыкты.
Владимир Зеленский Kyodo News каналына маек куруп жатып Украина боюнча өтө турган "тынчтык саммитине" Россияны чакырууну убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Буга чейин Россиянын КМШнын башкы жана башка бир катар уюмдарындагы туруктуу өкүлү Андрей Грозов Киевдин Батыш менен биргеликте "түртүп жаткан" украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча жаңы саммитинин негизинде сынга кабылган "Зеленскийдин формуласы" турарын белгилеген. Анын айтымында, жыйын Россияга ультиматум коюуга багытталган. Белгилүү болгондой, ноябрда Зеленский Sky News телеканалына атышууну токтотуп, айрым аймактарынан баш тартууга даяр экенин, бирок мунун ордуна Украинанын НАТОго мүчөлүгүн сурай турганын билдирген эле. Ал эми РФ президенти Владимир Путин июль айында Украинадагы жаңжалды каршы тараптын келечекте айнып кете албай турган шарттарды кабыл алышынан кийин гана токтотууга болорун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0