00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеш мектептеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамды үч окууда кабыл алды. Эл өкүлү Миргүл Темирбаеванын демилгесине ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлөт. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбай турганы айтылды. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Медиктерге кол көтөрүп, сөгүп-саккандардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Анда медиктерге карата зомбулук жана агрессия көбөйүп, бул олуттуу көйгөйгө айланганы, маселени чечүү үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгы белгиленген. Эгер сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса медиктерге карата начар мамиле үчүн 10 миң сом айып салынат. Медиктин ден соолугуна жеңил зыян келтиргендерге 50-100 миң сом айып салынат же айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен түзөтүү иштерине тартылат. Ал эми медиктерге карата жасалган бейбаштык үчүн 50-100 миң сом айып пул же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.
Чүй облусунун Искра айылында окуучулар жапырт ууланганын аймактык милиция кабарлады. Токмок шаардык ооруканага 12 жаштан 16 жашка чейинки 11 бала түшкөн.Милиция бүгүн 7-класстын окуучусу таштанды полигонунан "BEN 10" деген конфет менен бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алганын аныктады. Ал таттууларды мектепке алып барып классташтары менен бөлүшкөн. Балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Тартип сакчылар тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Иш Чүй ОИИБдин көзөмөлүнө алынганын айтышты.
Россия менен Казакстандын лидерлери Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн соң глобалдык тартиптеги стратегиялык кызматташууну тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул туурасында РИА Новости жазды. Жолугушуу жогорку деңгээлде "Акорда" резиденциясында өттү. Лидерлер алгач тар чөйрөдө, андан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Путин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле эң мыкты жаатта бара жатканын белгилесе, Токаев Москва менен Астананын мамилеси күн сайын бекемделип жатканын билдирди.Путин Токаевди Санкт-Петербургга КМШнын алкагында жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бейформал жолугушууга чакырды. Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген.
Акыркы он ай ичинде Өзбекстанга 26 млрд доллардан ашуун чет элдик инвестиция тартылды. Бул тууралуу өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча жыйында маалымдалды. Статистикага ылайык, быйылкы жылы чет элдик инвестициянын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн. Жылдын аягына чейин дагы кошумча 8,6 млрд доллар инвестиция тартуу пландаштырылууда. Бул аракеттер өлкөнүн экономикалык өсүшүн бекемдөөгө олуттуу салым кошору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0