00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Будь в курсе
Как сделать механизм ГЧП в КР более эффективным?
08:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү бериле баштады — эмнелерди билүү керек?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүнкү, 10-ноябрдагы, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, өз сөзүндө жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви экендиги белгиледи. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз”, - деди Жапаров. Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Пакистандагы теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, теракта каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Пакистандагы Кыргызстандын элчилиги теракт орун алган Кветта шаарындагы мекендештер менен байланышта. Учурда Элчиликте Пакистандагы кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат. Эскерте кетсек, Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза таап, 46 киши жаракат алды
Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөө бүгүн саат 08:20да алынды. Белгилей кетсек, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 9-ноябрда саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Дональд Трамп Украина менен Израилге карата саясатын өзгөртө баштаганын РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып жазды. "Жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматка эки айдан кийин гана киришет. Бирок ал АКШнын саясатын эки негизги түйүнгө — Израиль жана Украинага мелжеп баштады", — деп жазды басылма. Макалада Кошмо Штаттардагы кескин өзгөрүүлөр Украинада сезилип, андан улам Зеленский жакшы шарттарды түзүү үчүн активдүү болууга аракет кылып жатканы белгиленген. Ошондой эле басылма Трамптын жеңишинен Израиль утушу мүмкүн экенин жазган "Трамп Тегеран өзүнүн саясатын өзгөртүп, өзөктүк куралга ээ болууга умтуларын ачык билдирсе, Израилге Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу үчүн көбүрөөк эркиндик берерин билдирген", — деп жазылган макалада. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0