00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда быйыл 38,9 миӊ тонна кант өндүрүлдүДональд Трамп шайлоодо жеңгенин жарыяладыБишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити өтүүдөАлдыда кененирээкБүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. “Ынтымак Ордосунун” кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты. Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.
Кыргызстанда 2024-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү улантылууда. 5-ноябрга карата «Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» кант заводдору 637,7 миң тонна кант кызылчасын кабыл алды. Айдоо талаалардан кызылча кабыл алуу жайларына унаалар дээрлик 39 миӊ каттамды ишке ашырышты. Сезондун башталышынан тартып ишканалар 290,9 миӊ тонна кант кызылчасын кайра иштетишти жана 38,9 миӊ тонна кант өндүрүштү. Кызылча кантын өндүрүү заводдордо 2025-жылдын февраль айына чейин улантылат. Кайра иштетүү ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин 1500 ашык киши камсыз кылат. Эске салсак, быйыл кант кызылчасы себилген жалпы аянт 15 миӊ гектар жерди түздү. Фермерлер 900 миӊ тоннага жакын рекорддук көлөмдөгү түшүм жыйнап алууну пландоодо. Божомол боюнча, бул сезондо 120 миӊ тонна кумшекер өндүрүлөт, бул өлкөнүн кантка болгон муктаждыгын 100% камсыз кылат.
Бүгүн Кемин районунда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз курулган бир катар объектилер демонтаждалууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, бул иштер автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге объектилерди мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюунун алкагында жүргүзүлүүдө. Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы, Транспорт министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Мамкурулуштун, Энергетика министрлигинин, Кыргызтелекомдун жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте мамлекеттик органдардын көчмө комиссиясы уюштурулууда. Жер-жерлерде да мыйзамдардын бузулушу каралып, фактылар аныкталды. 6-ноябрда Кемин районунда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз курулган бир катар объектилер демонтаждалууда.Комиссиянын буга чейинки сапарларында да Бишкек – Торугарт унаа жолундагы бөлүнгөн тилкедеги ондогон объектилер буздурулган. Комиссия мындан ары дагы аймактарда ишин улантат.
Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп Флоридада тарапташтары алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Мен Америка элине ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин 45 жана 47-президентиңиздер болуп шайлануу мен үчүн сыймык”, — деди ал. Трамп шайлоочуларына анын башкаруусу АКШнын тарыхындагы "алтын доор" болорун убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0