00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:08
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Түркия Кыргызстандын карызын кечти Азербайжандын президенти Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Венгриянын премьери Виктор Орбан менен расмий жолуктуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өткөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, Орбан расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн таңга жуук келген. "Ынтымак ордо" имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап, килемдер төшөлдү.Садыр Жапаров менен Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин лидерлер тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө алар тууга таазим кылышты, Венгриянын премьер-министри "Салам, аскер!" деп ротага кайрылып, саламдашты. Андан кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырган соң Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Ильхам Алиев Кыргызстанга 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине катышуу үчүн келди. Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Түркия Кыргызстандын карызын кечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн белгилүү болду. Мамлекеттик сапар менен келген Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган экөө жолугушуунун соңунда маалымат жыйын өткөргөн. "Президент Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдире кетейин", — деди Жапаров. Ал эми карызды жабууга жумшалчу акча "Жашыл экономика" долбооруна сарпталары белгилүү болду. 2024-жылдын июлдун соңуна карата Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын Түркияга тышкы карызы 62,3 миллион доллар болгон. Президенттик администрация андан бери төлөнүп отуруп, калган 58,8 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды Түркия кечкенин тактады.
Россиянын президенти Владимир Путин декабрда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугарын айтканын РИА Новости жазды. Ал бүгүн 28 өлкөнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды. "Беларустун, Кыргызстандын, Армениянын жана Азербайжандын элчилерин көргөнүмө кубанычтамын. Бул мамлекеттер Россиянын эң жакын кошуналары, достору, стратегиялык өнөктөштөрү жана союздаштары. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен КМШ саммитинин жүрүшүндө жолугушкам. Салт боюнча, жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана келечекке пландарды белгилөө үчүн декабрь айынын аягында да чогулабыз", — деди Путин. Ошондой эле ал элчилер өз ишмердиги менен Россия Федерациясы жана анын саясаты боюнча адилеттүү жана калыс көз карашты калыптандырууга салым кошоруна ишеним артты.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 80 тыйынга евро 93 сом 20 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫ6-ноябрга караган түнү айрым аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 6-ноябрь, шаршембиде республика боюнча өрөөндөрдө жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Талас аймагында +11...+15, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, Нарында +5...+10 градус жылуу болот. Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош калаасында +12...+17 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0