00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Москвада 9 өлкөнүн орус тилчи мугалимдери билимин өркүндөтүүдөМезенцев Минск конференциясын БРИКС диалогунун уландысы катары сыпаттадыБишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Алдыда кененирээкБишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Ага Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат. "Президенттер ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле уюмдун учурдагы актуалдуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышат. Бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюшат", — деди Азымбакиев. 2025-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрү кошумчаланды.
Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 20-октябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөө иштери кызынын арызынын негизинде 31-октябрда башталган. "Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калганы аныкталганын жакындары билдирген. Ага ылайык, издөө иштери сууда кайык менен жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта. Жеринде 7 куткаруучу иштеп жатат.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун "Нарк куржун 2" китеби жарык көрдү. Эскерте кетсек, буга чейин элге "Ой санат", "Жол санат" жана "Нарк куржун" китептери тартууланган болчу.Касмамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү", "Манас" үчилтигин жайылтуу", "Кыргыз жараны" жөнүндөгү жарлыктары, кыргыздын тарыхый балуулуктарынын изилдөөгө алынышы, "Манас" театрынын ачылышы кыргыз элинин идеологиясына байланганын белгиледи. Китептер ошол жарлыктар тууралуу айтылган сөздөрдүн негизинде жазылган.Китептер учурда дүкөндөрдө сатылууда.
Москвада орус тилинен сабак берген мугалимдер үчүн "Дүйнө тили" деп аталган евразиялык мектеп ишин баштады. Билим берүү аянтчасы 120 педагогдун башын бириктирген. Иш-чараны "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму уюштурду. Долбоорго Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мугалимдери катышууда. Окутуучулар билим берүү долбоорлорун да иштеп чыгып, ал аталган мамлекеттерде орус тилин илгерилетүү үчүн методикалык негиз болуп бермекчи.
Евразиялык коопсуздук боюнча Минск эл аралык экинчи конференция — Казандагы БРИКС саммитинде башталган диалогдун уландысы. Бул тууралуу союздук өлкөнүн мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев билдиргенин РИА Новости жазды. "Аталган конференция Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында Казанда өткөн мазмундуу, масштабдуу диалогдун уландысы болду. БРИКС бири-биринин принциптерин жана кызыкчылыктарын урматтаган, ар биринин үнү угула турган, көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрүн бириктирген формат катары ондогон өлкөлөргө өзүнүн баалуулугун жана жагымдуулугун көрсөттү", — деди Мезенцев. Ал иш-чара Россия менен Беларуска болуп көрбөгөндөй басым жасалып жаткан маалда өтүп жатканын айтып, ишеним, теңдик, өнөктөштүк жана эл аралык укукка негизделген көп полярдуу дүйнөнүн моделин коргоо катары сунушталып жаткан күн тартибине көңүл бурарын белгиледи.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 80 тыйынга евро 93 сомго рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 2-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-7 градуска жетет. 2-ноябрда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +14...+19, Талас облусунда +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +10...+15, Нарын аймагында +8...+13 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада борбор калаада +16...+18 , Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0