00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жер-жерлердеги көйгөйлөрдүн чечилишине жергиликтүү коомчулук дагы жигердүү катышуусу зарыл. Мындай пикрин Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктап жатып билдирди. Президент өлкө аймактарында жүргүзүлүп жаткан социалдык, экономикалык жана маданий иш-аракеттерди жүзөөгө ашырууда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ат көтөргүс эмгегин белгилеген. “Биз ар дайым мамлекеттин эң башкы байлыгы – эл деп келебиз. Биздин бардык аткарган иштерибиз элге багытталууда, элдин көйгөйүн чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Мына ушул жаатта өлкө аймактарында жүргүзүлүп жаткан социалдык, экономикалык жана маданий иш-аракеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар аркылуу ишке ашууда. Биз сиздердин аймактарды өнүктүрүүгө жасаган далалатыңыздар менен натыйжалуу жыйынтыктарга жетип жатабыз”, - деген президент. Ошондой эле кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кажыбас кайрат, дем-күч каалады.
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын эң активдүү соода-өнөр жай палаталарынын бирине барып, анын жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи өлкөнүн соода-экономикалык, илимий, билим берүү, инвестициялык, транзиттик жана аймактык интеграциялык потенциалы менен тааныштырды. Ал ошондой эле Кыргызстандын соңку төрт жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан масштабдуу социалдык-экономикалык реформалардын натыйжалары, улуттук экономиканын тез өнүгүүсү, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, ошондой эле өлкөнүн өсүп жаткан туристтик потенциалы тууралуу айтып берди. Жолугушууда тараптар өз ара кызматташтыкты арттыруунун жолдорун талкуулап, пакистандык ишкерлер үчүн Кыргызстанда жана кыргыз тарап үчүн Пакистанда бизнес-турларын өткөрүү, биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүү, бизнес-форумдарды, ошондой эле соода көргөзмөлөрүн уюштуруу боюнча макулдашышты.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 киллограм чалмак ченинде күч сынашты. Алгач сегизден бир баскычта кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. Карачев мелдештин төрттөн бир баскычында америкалык балбандыутту. Кийин жарым финалдык беттеште ирандык Али Носсейин 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты. Алтын медаль үчүн беттеште кыргыз балбаны индиялык спортчу Чираг Чираг менен кез келет.
Тегеран Израилдин Иранга чабуулуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы миссиясы билдиргенин РИА Новости жазды. "Иран Коопсуздук кеңештин төрагасынан мындай олуттуу мыйзамсыз аракеттерди карап чыгуу жана бул кылмыштуу режимди жоопко тартуу үчүн шашылыш жыйын өткөрүүнү өтүнөт", — деп жазылган Ирандын туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен БУУнун баш катчысына жөнөткөн катында.
Жаңылыктар түрмөгү
0