00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда биринчи жолу стратегиялык маанидеги жолдор ата мекендик компаниялар тарабынан курулууда. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап жатып белгиледи. "85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагынын өлкөнү өнүктүрүүдө мааниси эбегейсиз. Жолдордун абалы бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Биз сиздердей кесипкөй адистерибиз турганда өз жолубузду өзүбүз куруп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз алдынча бет алып кетерибизге толук ишеним бар", — деди президент. Ошондой эле Бүгүнкү күндө алгачкы жолу стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашырылып жатканы кубандырарын белгиледи. Муну менен катар президент Транспорт жана жол чарбасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кажыбас кайрат, дем-күч жана бакубат турмуш каалады.
Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мекемден белгилешкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта. Муну менен катар элчилик аларды өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат. Маалыматта ошондой эле Элчиликтин жана ТИМ консулдук департаментинин ыкчам байланыш телефону иштеп жатканы айтылат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Алар Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунда кезиккен. Талкуунун негизги темаларынын бири Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу болгон. Касымалиев долбоор Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген. Антонелла Бассани Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун колдой турганын билдирип, долбоор дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун арттырып жатканын белгилеген. Ошондой эле долбоор экономикалык реформалар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, улуттук экономиканын бардык тармактарына таасирин тийгизе турганын айткан.
Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасына добуш берүү үчүн шайлоо участкалары ачылды. Алар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштээрин Sputnik Өзбекстан жазды. Маалым болгондой, Өзбекстандын парламенти эки палатадан турат. Депутаттар беш жылдык мөөнөткө быйыл биринчи жолу аралаш мажоритардык-пропорционалдык моделди колдонуу менен шайланат. Маселен, төмөнкү палатадагы 150 орунга 75 депутат бир мандаттуу округ боюнча, калган 75и саясий партияларга берилген добуштардын негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча келмекчи. Бүгүн шайлоого Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, Элдик-демократиялык партиясы, "Улуттук кайра жаралуу", "Адилет" социал-демократиялык жана Экологиялык партиясы катышып жатканы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0