00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Кыргызстан тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат. Кыргызстан дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.
Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабрлашты. Маалыматка ылайык, аталган заводдун курулушуна бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн. "Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетет", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Жапаров Жалал-Абад шаарындагы реконструкцияланып жаткан жолдорго барып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген.
"Бишкек лифт" ишканасынын карамагында жалпы 966 лифт бар. Анын 562си муниципалдык болсо, 404ү менчик. Бул тууралуу Майрамбек Саманчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, баш калаада лифтердин 70 пайызынын эскилиги жеткен. "Ишкана быйыл борбордогу жалпы 100 лифтти алмаштырууну пландаган. Жумуш апрель айында башталды. Бүгүнкү күндө 48 лифт алмаштырылып, пайдаланууга берилди. Ал эми 12синде жумуштар бүткөнү турат. Калганын ушул жылдын аягына чейин жаңылоого аракет кылып жатабыз. Буга чейин ишкананын бюджетине ылайык, жылына 15-20дан эле лифт алмаштырылчу. Былтыртан баштап 100дөн лифт жаңылап жатабыз. Муниципалдык лифттерди алмаштырууга, оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө каражат Бишкек шаарынын бюджетинен бөлүнөт", — деди Саманчиев. Ал ошондой эле төрт жыл ичинде Бишкектеги бардык эскирген лифтилер заманбап жаңы жабдууларга алмаштырыларын кошумчалады.
Батыш эл аралык аренадагы аброюн сактап калыш үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бир топ шарттарына көнүшү керек. Бул тууралуу немец ЖМКлары жазып чыкты. "Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн арасында нааразылык күч алууда. Муну токтотуу үчүн Батыш чыныгы артыкчылыктардан баш тартып, тилин табууга аргасыз болот", — деп белгилейт басылма. Материалдын автору БРИКС барган сайын "чоң жетиликтен" бардык көрсөткүчтөр боюнча ашып жатканын моюнга алган. Ал Батыш бул чакырыкты олуттуу кабыл алышы керектигин белгилеген. "Батыш өзүнүн саясий маданиятын өнүктүрүүсү керек. Бул алсыз мамлекеттердин өкүлдөрү менен тең укуктуу жолугуп, алардын көйгөйлөрүнө олуттуу мамиле кылууну камтыйт", — деп айтылат макалада.
Жаңылыктар түрмөгү
0