00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде каралган тамак-аш кошулмаларын маркировкалоо стандарты жана процедурасы Кыргызстанга эмне берет?
23:03
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында төрт заводдун капсуласын салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Заводдор "Нарын СЭЗ — Кашкар СЭЗ" индустриялык паркында жайгаштырылат. "Нарын Шумкар" автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартуу пландалууда. Курулуш аяктаганда заводдо 10 миңден ашык иш орду түзүлүп, жылына 20 миңден ашык автоунаа чыгып турат. "Нарын чырак" светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш ордун түзүү пландалууда. "Нарын кагаз" кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумуш ордун түзүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, "Нарын алгыр технолоджи" ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык иш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
2023-жылы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (Унаа) кызматкерлери кардарлардан 34,2 миллион сом ашыкча жыйнаган. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.Маалыматка ылайык, агенттикте жыл ичинде 552,7 миң унаа катталса, анын ичинен 133,1 миңи биринчи жолу катталган. "Транспорт каражаттарын каттоо үчүн 264 сом, атайын техника үчүн 195 сом ашыкча алынган, мындан улам жалпы 34,2 миллион сом кардарлардан ашыкча жыйналган", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле агенттик кайталап каттоо жүргүзүдөн 7,3 миллион сом негизсиз алганы кошумчаланган.
2026-жылга чейин мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктын токтомунда айтылат. Ага ылайык, 2025-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада жеке кардарлардын акча которуулары үчүн комиссия алынбайт. Бул чаралар өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттырууга шарт түзөрү айтылган. Токтом жарыялангандан бир айдан кийин күчүнө кирет.
Россия Украина маселесин жөнгө салуу үчүн акылга сыйган компромисске барууга даяр, бирок колго илинерлик аракетти байкабай келет. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Анткен менен президент кандай болгон күндө да абал Россиянын пайдасына жана согуш талаасындагы азыркы реалдуулуктун негизинде чечилиши керектигин белгилеген.Белгилей кетсек, БРИКС саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында Путин Украина менен болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөр тууралуу айтып жатып, мындан Киев режими баш тартып жатканына токтолгон. Президент мунун баары Киев жетекчилигинин аскердик абалды жоюп, президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр эместигинен болуп жатышы ыктымал экенин божомолдогон. Анткен менен РФ лидери "топ алар тарапта" экенин кошумчалаган
Жаңылыктар түрмөгү
0