00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:05
45 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде каралган тамак-аш кошулмаларын маркировкалоо стандарты жана процедурасы Кыргызстанга эмне берет?
23:07
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин гимнди өзгөртүү керек деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары кабылдоо керек. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн парламентте Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгы белгиленип, анда сүйлөгөн Шакиев гимн өзгөрө турганын айтып, жүйөсүн келтирген. Алагөзов төраганын пикири коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачканын белгиледи. "Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор, мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок", — деп жазган Алагөзов. Ал көпчүлүк колдобосо азыркы гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбой турганын белгилеген.
Шаардык кеңештин төрагасы боло тургандар жогорку билимдүү болушу керек. Мындай талап коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда жазылган. Алсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жана аларды шайлоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталган. Документте булар камтылган: шаардык кеңештин төрагасына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. 30 пайыздан ашык мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоо учурунда кызматын убактылуу токтотуп турат. ар бир округ боюнча саясий партиялардан талапкерлердин саны 10 кишиге көбөйөт. эгерде жергиликтүү кеңештин депутаты жыл ичинде эки жолудан ашык жыйынга негизсиз катышпай калса ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
2023-жылы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери кардарлардан 34,2 миллион сом ашыкча жыйнаган. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттикте жыл ичинде 552 миң унаа катталса, анын ичинен 133 миңи биринчи жолу катталган. "Транспорт каражаттарын каттоо үчүн 264 сом, атайын техника үчүн 195 сом ашыкча алынган, мындан улам жалпы 34 миллион сом кардарлардан ашыкча жыйналган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле агенттик кайталап каттоо жүргүзүдөн 7 миллион сом негизсиз алганы кошумчаланган.
Россия эл аралык кырдаалдын курчушуна даяр, бирок абалды курчутууга барган жок. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, карама-каршы тарптагылар абалды курчутууга “ойноп” жатышат. “Адамдар Жакынкы Чыгыш, Украинадагы чыр-чатак аймактарына байланыштуу эл аралык кырдаалдын курчушунан чочулашууда. Бирок абалды биз курчуткан жокпуз. Мындайды дайыма каршы тараптагылар жасашат, бирок биз ага даярбыз”, — деди ал. Путин Россияны коркутуудан пайда жок экенин айтып, ал тескерисинче чыйралтарын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0