00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новые требования к профессии медсестры. Что сегодня должны уметь эти медработники?
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы музейлер кандай абалда? - Эл аралык музейлер күнү биздин өлкөдө кантип белгиленет?
09:03
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
От казармы до офиса: почему неуставные отношения приживаются везде
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Спортсуз кантип ашыкча салмактан арылууга болот — адистин коопсуз арыктоо тууралуу кеңеши
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Пугачёв на сцене: история, что не уходит
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
"Өз жашооңдун баш каарманы бол!". Жашооңдун каарманы болуу өнүгүүбү же өзүмчүлдүкпү?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и почему принижает роль СССР в разгроме фашизма
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Турак-жайга баа арзандайбы? Эксперт менен маек
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Весна, цветы и искусство: выставка, которую стоит увидеть
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуш талаасында баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Наследники
Возвращались живыми, если стрелком был он: жизнь и подвиги полного кавалера Ордена Славы из Кыргызстана Абдыкасыма Карымшакова
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак-жайга баа арзандайбы? Эксперт менен маек
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү пландалууда, бирок акысыз альтернативасы дагы болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, айланма жолду Чым-Коргон айылына чейин акы төлөнүүчү кылуу пландалган. Жеке компания техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп, эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок жол акы кымбат болгондуктан келишим түзүлбөй, долбоор ошол бойдон токтоп турат. "Түндүк — Түштүк жолунун айрым бөлүктөрүнө акы төлөтүү планы бар. Белгилей кетүүчү жагдай, жолдун баары эмес, чечим мыйзамдын талабын жана жергиликтүү калктын кыймылын эске алуу менен кабыл алынат. Айдоочулар үчүн акысыз альтернативдүү жол болуп, тандоо укугу берилет", — деди министрдин орун басары.
Шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере алышат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ал үчүн шайлоочулар 2-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайты аркылуу же 27 жерде уюштурулган добуш берүү пунктуларына арыз берүүсү керек. "Учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар болуп саналат. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду", — деп айтылат маалыматта. Tizme.gov.kg сайтында "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот. Ал үчүн жүзүнүн биометриясы боюнча же ID-картанын маалыматтары, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен порталга кирүү зарыл. Системага киргенден кийин "Аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берүү" бөлүмүнө өтүп, "Арыз берүү" баскычын басуу керек. "Шайлоочунун кабинетинде" тиешелүү идентификаторлор киргизилгенде шайлоочунун жеке маалыматтары автоматтык түрдө толтурулат.
Кечээ, 24-октябрда, Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатып, октябрь ичиндеги экинчи интервенцияны жасады. Бул тууралуу башкы банктын сайтында айтылган. Интервенциянын алкагында Улуттук банк 55,1 миллион доллар саткан. Ага карабастан бүгүн чет элдик валютанын курсу өсүүдө. Алсак, учурда доллардын (сатуу) орточо курсу 86,15 сомго жетти. Кечээ ал 86,6, мурдагы күнү 85,86 сомдон болуп жаткан. Бул — октябрь айындагы доллар сатуу боюнча экинчи интервенция. 8-октябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 миллион доллар саткан.
Киевдин НАТОго кошулуусу тууралуу жаңы чечим чыгаруунун кажети жок, согуш абалында турган өлкө альянска мүчө боло албайт. Бул тууралуу Германия канцлери Олаф Шольц жергиликтүү телеканалга маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Вашингтон менен Вильнюста чечим кабыл алынды, эртеңки күн кандай болорун да болжолдодук. Азыр башка чечим кабыл алуунун эч зарылдыгы жок", — деди канцлер. Анын айтымында, согуш абалында турган өлкө альянска мүчө боло албайт. Ошол эле учурда Шольц бүгүнкү күндө "согуштан кийинки мезгилдеги коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз болуп жатканын" белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0