00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.Маалыматка ылайык, ал БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.Иш-чарада көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.
Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломатиясы байыртадан бери элдин тарыхы менен эриш-аркак келе жатканын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты."Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен", — деген ал өз сөзүндө.Анын айтымында, дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы өлкөнүн эгемендикке ээ болушу менен уланган.Ал белгилегендей, учурда 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчилик жана эл аралык уюмдар бар.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы бекемдейт. Бул тууралуу ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Стамбулда өткөн Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйынында айтты. Министр өз сөзүндө инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн белгилеген."Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган альтернативдүү жол болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Долбоор бул каттамдагы бардык өлкөлөр үчүн олуттуу мультипликациялык эффект жаратып, өнөктөштүктү бекемдеп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет", — деген Кожошев. Министр жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, 7-8 күндү үнөмдөй турганын белгиледи. Ал эми Россия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу жол болжол менен 3000 чакырымга кыскарат.
Европарламенттин словакиялык депутаты Любош Блага Россияга, тагыраагы, Москвага келгени үчүн парламенттешинен "тил уккан". бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды."Литвалык евродепутат менин Москвага жасаган сапарым үчүн жини келип, жарылып кете жаздады", — деп билдирди Блага.Ал саясий жактан кызууланып алган депутат Европарламенттин төрагасы бул маселе боюнча өз пикирин билдириши керектигин да айткан."Литвалык биринчи сөзгө чыгып, Любош Блага тынчтык үчүн Москвага барып ыраазылык билдиргени коркунучтуу нерсе деп айтты. Ал Европарламенттин төрагасын кийлигишүүгө чакырды", — деп кошумчалады Блага.Депутат иш сапар тууралуу парламенттин трибунасынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришпегендигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0