https://sputnik.kg/20241001/karylar-kunu-sadyr-zhaparov-kuttuktoo-1089134998.html
Садыр Жапаров карыяларды куттуктап, пенсия боюнча кеп козгоду
Садыр Жапаров карыяларды куттуктап, пенсия боюнча кеп козгоду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. 01.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-01T11:24+0600
2024-10-01T11:24+0600
2024-10-01T11:24+0600
кыргызстан
карыялар
куттуктоо
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079969084_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_8af28964e86d3e95c510bf176f51ff05.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.Өлкө башчы кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, кан-жаны менен бүгүнкүгө чейин жеткенин белгиледи.Президент 1-октябрдан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6 900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонун эске салды."1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт", — деди Жапаров.Жапаров өлкө карыяларына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.
https://sputnik.kg/20240228/kary-kartandarga-kam-koruu-tuuraluu-1083010257.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079969084_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_244ebe9fafbf13f1fbdb2ade252e91a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, карыялар, куттуктоо, садыр жапаров
кыргызстан, карыялар, куттуктоо, садыр жапаров
Садыр Жапаров карыяларды куттуктап, пенсия боюнча кеп козгоду
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Өлкө башчы кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, кан-жаны менен бүгүнкүгө чейин жеткенин белгиледи.
"Карынын кебин капка сал", "карынын сөзү - жамак, жамагы - жашоого сабак", "карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот", "ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя" деген макалдарыбыз буга таасын күбө. Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда", — деди ал.
Президент 1-октябрдан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6 900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонун эске салды.
"1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт", — деди Жапаров.
Жапаров өлкө карыяларына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.